ЖОЖ: мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору сынагы

  • 17.04.2024
  • 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы ЖОЖдор аралык республикалык сынактын расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору, техн.и.д., профессор Курманбек уулу Талантбек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Аркарбек Мамытов, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев ошондой эле калыстар тобунун өкүлдөрү жана студенттер катышты.
«Мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана колдонуп койбостон, жаштардын көз карашы менен жайылтуу ыкмасы бул абдан туура жана жыйынтыктуу. Тилибизди ар тараптан колдоого алып, ушундай саамалыкты өткөрүүгө салым кошкон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирүү менен катар республикалык сынактын катышуучуларына ийгилик каалайм», — деди Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова.
Эскерте кетсек, сынак  И. Арабаев атындагы  КМУ, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты  боюнча  улуттук комиссиясы менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Максаты — жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү,  мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаӊы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу.

Эльвира Какиева

Сүрөттөр Турсунай Калмурат кызына таандык

Бөлүшүү

Комментарийлер