ЖОЖ, КОЛЛЕДЖ, ЛИЦЕЙЛЕРДЕ САБАК ОНДО БАШТАЛАТ

  • 29.07.2024
  • 0

Бишкектеги жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларда сабактар саат 10:00дөн эрте башталбайт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

ЖОЖ, КОЛЛЕДЖ, ЛИЦЕЙЛЕРДЕ САБАК ОНДО БАШТАЛАТ

2021-жылдын 23-июлундагы токтомуна ылайык, бул убакыт аскердик жана укук коргоо органдарынын тутумуна кирген окуу жайларга тиешелүү эмес.

Буга чейин 2024-2025-окуу жылынан тарта дагы 30 мектепте сабактар саат 7:30да башталары айтылып, атайын токтом кабыл алынган.

14 муниципалдык мектепте окуу эртең мененки саат 7:30да башталчу:

№ 69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.

Быйылкы окуу жылынан тарта ага төмөнкү мектептер кошулган:

6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, Лебединовкадагы №1 гимназия-мектеби.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер