ЖОЖ: I ТУРДА 14 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ
- 22.07.2024
- 0
Бүгүн, 22-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. 15-июлдан 17-июлга чейин жүргүзүлгөн кабыл алуунун 1-турунда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн.
I турдун жыйынтыгы менен 14 миң 271 абитурент кабыл алынды.
Биринчи турда эң көп абитуриент кабыл алган ЖОЖдордун тизмеги:
— Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2462;
— Ош мамлекеттик университети – 2019;
— И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1799;
— Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1116;
— И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 945;
— К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 920;
— И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 614;
— “Ала-Тоо” Эл аралык университети – 582;
— К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 388;
— М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 280;
Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн – https://edu.gov.kg/posts/3197/
Комментарийлер