ЖООЛУККА БАЙЛАНЫШКАН ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАР

  • 25.10.2021
  • 0

Учурда соцтармактарда мектеп формасы, тагыраак айтканда, окуучу кыздардын салынган жоолугу кызуу талкууланып жатат. Ага Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы мектеп директорунун пикири, Кара-Суу районунун Маданият айылындагы мектептеги окуялар себепкер болууда.

Алсак, “Илим кени” деп аталган сайттын Ютуб каналдагы “Министрди да укпаган мугалимдер” деп аталган видео тасмасындагы (автордун аты-жөнү жазылган эмес) мектептин окуу бөлүмүнүн башчысынын “…окуучулар мектептин Уставынын негизинде чачына бантик тагынып, ак көйнөк, кара юбка кийип келсин” деген сөзүнө “Булар министрди да укпайт, министрдин айтканы бир тыйын экен” деп комментарий жазгандарын көрүүгө болот. Андан тышкары, тасмада жаш окуучу кыздарды сүйлөтүп (бойго жете элек кыздар-балдар чоңдордун катышуусунда гана сүйлөшү керек болсо да), аларга өзүнүн оюн таңуулаган өңүттөгү суроолорду бергенин угууга болот.

Видео тасманы тарткан жигиттин берген суроолору тасманы көргөн адамдарда да көптөгөн суроолорду жаратууда. Биринчиден ал ким, журналистпи, ошондой сурамжылоо жүргүзгөнгө, болгондо да мектепке (!) барып, мугалимдерге “сурак” жүргүзүп, бери жактан комментарий бергенге канчалык деңгээлде укугу бар? деген суроолор пайда болбой койбойт.

Бул маселени талкуулоодо соцтармактардагы пикирлер эки ажырымга бөлүнгөнү байкалат. Арасында Конституциядан үзүндү келтирип, Билим берүү тармагын динчилдерден коргоого алуу кайрылуусу жана ачык эле коркутуп-үркүткөн, жаман сөздөрдү жазгандарга чейинки пикирлер да бар. Алсак, Абымамбет Сариев деген журналист агабыз “Жашыл китеп” деген сайттагы Президентке кайрылуу (автору жок) менен бөлүштү. Анда учурдагы кырдаалды “Светтик мамлекетке таандык билим берүү мекемеси болгон мектептерге радикал исламчылардын жасаган чабуулу” деп баалап, “…Конституциядагы: “Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет” дегенди туура эмес түшүнгөн эки депутат мамлекеттик мекеме болгон мектепти динчилдердин колуна салып берип…, мугалимдерди, мектеп директорлорун кысымга алып, опузалап коркутуп “телефонго тартып, интернетке жарыялайм” деп шантаж жасап жатышат” деп жазылган.

ЖООЛУККА БАЙЛАНЫШКАН ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАР

Видео тасмалардан, андагы мектеп жетекчилерине берилген суроолордон алардын жарга такалгандай абалы байкалбай койбойт. Үч-Теректеги мектеп директору: “…Депутаттар мектептин тартиби ушундай болуш керек деп ачык жазышсын элди кыйнабай…”, “…Элдин баары жоолукчан, сакалчан болуп кетсинби” деп эмоциясын жашыра албай айткан сөздөрү боюнча ошол эле тасманын алдындагы комментарийлерде “Диний сабак жок болгон үчүн ушундай сүйлөп жатат”, “…Аллах өзүң хидаят бер адашкан пенделерге”, “Тумшугун талкалаш керек…” деген сыяктуу пикирлер менен катар эле “Азаматсың директор! Кыргыз үчүн күйгөн накта патриот экен!” деген ойлорду да окууга болот.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер