“ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 17.04.2025
- 0
Панфилов районунда Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдык мааракесине карата баатырларды даңктаган “Жоокер ыры” сынагынын облустук туру өттү.
Панфилов райондук билим берүү бөлүмү, Панфилов райондук аскер комиссариаты менен биргеликте өткөргөн сынак үч номинациядан турат. Биринчиси — согуш жылдарындагы ырлар – улуу мурастарды эстеп, элибиздин эрдигин эскерүү; экинчиси — көркөм окуу – жүрөктөн чыккан монологдор аркылуу сөздүн терең маанисин жеткирүү, окурман менен угармандын ортосундагы байланыш түзүү; үчүнчүсү — патриоттук ырлар – жүрөктөгү сүйүүнү ыр аркылуу чагылтуу.
Облустук турга Чүй облусунун ар кайсы райондорунан келген 24 таланттуу окуучу катышты. Калыстар тобунун калыс баалоосунун жыйынтыгында 1-номинация боюнча Чүй-Токмок районундагы ЧШИ мектебинин окуучусу Плахотин Иван Андреевич жеңүүчү болду. Экинчи номенацияда да Чүй-Токмок району алдыга озуп, андагы А.Жаманбаев атындагы негизги жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Токтобеков Расул мыкты деп табылды. Ал эми үчүнчү, жүрөктөгү сүйүүнү ыр аркылуу чагылтуу номинациясында биринчи орунду Панфилов районундагы М.Шейшеналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Улукбеков Ариет ээледи. Үч жеңүүчү диплом, баалуу белектер менен сыйланышып, республикалык турга жолдомо алышты.
Мыскал АЛЫМБАЕВА,
Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси.
Комментарийлер