«ЖООКЕР ЫРЫ» КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

  • 29.03.2022
  • 0

23-марттан 25-мартка чейин Бишкек шаарында «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырлардын VII республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү.

Аталган конкурс «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын «Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын арасында Аскердик-атуулдук ырларды мыкты аткаруу боюнча VII республикалык конкурсун өткөрүү жөнүндөгү биргелешкен буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулду.

«ЖООКЕР ЫРЫ» КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Кароо-сынакка 7 облустан 28 адам катышты.

«Жоокер ыры» кароо-сынагы 3 номинацияда өткөрүлдү:

— Согуш жылдарындагы ырлар,

— Патриоттук ырлар,

— Көркөм окуу.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү Билим берүү жана илим министрлигинин баалуу белектери менен сыйланышты:

Гран-при – ноутбук (1),

1-орун – телевизор (3),

2,3-орундар – смартфон (6 даана).

Андан тышкары, катышуучуларга заманбап гаджеттердин топтомун алууга сертификаттар тапшырылды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер