“ЖООКЕР ЫРЫ” АСКЕРДИК-АТУУЛДУК ЫРЛАР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 28.03.2023
  • 0

23-марттан 25-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Жоокер ыры” аскердик-атуулдук ырлар VIII республикалык сынагы өткөрүлдү.

“ЖООКЕР ЫРЫ” АСКЕРДИК-АТУУЛДУК ЫРЛАР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Республикалык конкурска Бишкек жана Ош шаарларында өткөн этапта жеңишке жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары, Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары катышты.

Калыстар тобунун чечими боюнча сынактын 31 катышуучусунан жеңүүчү деп табылды:

Атуулдук ырлар номинациясы боюнча:

1-орун – Өзгөрүшова Койсун (Талас району, А.Бөрүбаев ат. орто мектеби)

2-орун – Адылбекова Айдай (Сокулук району, А.Жакшылыков ат. №1 мектеп-гимназиясы)

3-орун – Бакирова Зуура (Ош шаары №11 В.Терешкова ат.орто мектеби)

Согуш мезгилиндеги ырлар номинациясы боюнча:

1-орун – Сидорова Влада (Бишкек ш. №23 окуу-тарбия комплекси)

2-орун – Айтбаев Эрбол ( Талас обл. Кара-Буура району Ч.Айтматов орто мектеби)

3-орун – Омаралиева Айжан (Жалал-Абад обл. Ноокен району А.Султанов №12 орто мектеби)

Көркөм окуу номинациясы бонча:

1-орун – Мухамеджанов Самаган (Жети Өгүз району “Кут Билим” окуу тарбиялык комплекси)

2-орун – Касенов Бахмутали (Нарын обл. Нарын району Т.Иабалдиев ат.орто мектеби)

3-орун –  Шамилбек кызы Элеонора (Бишкек ш.№24 мектеп гимназиясы)

Калыстар тобунун чечими менен атайын байге (гран-при):

Турсунматова Нурия (Баткен обл.Сүлүктү шаары “Сары-алтын” орто мектеби.

Билим берүү жана илим министрлиги катышуучуларга грамоталарды жана жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырды: Гран-при — ноутбук, 1-орун — плазмалык телевизор, 2,3-орун — караоке микрофондор жана сааттар, калгандардын баарына — караоке микрофондору, мугалимдерге-ыраазычылык каттар.

Бөлүшүү

Комментарийлер