ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДА БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕР ЖАҢЫЛАНУУДА
- 25.08.2026
- 0
Ысык-Ата районунда жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарды оңдоо жана жаңы социалдык объектилерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. Район боюнча курулуп жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан объектилердин жүрүшү менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Рахманкулов жеринен таанышты. 
Сын-Таш айыл аймагындагы Жетиген айылында 100 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Мектеп Катар кайрымдуулук уюму менен биргеликте курулуп, долбоордун жалпы сметалык баасы 30,5 млн сомду түзөт. Аким курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү маселелер боюнча жооптуу кызматкерлер менен пикир алышты. 
Ошондой эле Сын-Таш айыл аймагындагы Д. Мамашева атындагы мектепте капиталдык оңдоо, көрктөндүрүү, мектептин короосуна брусчатка төшөө жана жылытуу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган иштерге жалпысынан 7 млн сом каражат жумшалып, анын 3 млн сому облустук өнүктүрүү фондунан, 4 млн сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Учурда мектептин жаңы окуу жылына даярдыгы камсыздалууда. 
Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында бала бакчанын имаратын оңдоо иштери жүрүп жатат. Жеке тарапка өтүп кеткен бала бакча мамлекеттин эсебине кайтарылып, капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Аны жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда.
Ал эми О. Бөлөбалаев атындагы орто мектепте имараттын тышкы жасалгасы, санитардык-техникалык иштер жана канализация системасын оңдоо иштери аткарылууда. Мындан тышкары, окуу жылы башталганга чейин мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери толук аяктайт. 
Социалдык объектилерди жаңылоонун алкагында Жээк айыл аймагынын Интернационал айылында 120 орундуу жаңы бала бакча курулат. Мурдагы бала бакчанын имараты жараксыз абалга келип, капиталдык оңдоого мүмкүн болбогондуктан, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду аркылуу жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган. Учурда эски имарат толугу менен бузулуп бүттү. Аким курулуш иштерине даярдыктын жүрүшүн жеринен көрүп, куруучу уюмдун өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчысы менен бир катар маселелерди талкуулады.
Мындан сырткары, Нурманбет айыл аймагынын Красная-Речка айылындагы бала бакчада капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Учурда имараттын ички жасалгасы, ички суу түтүктөрү жана канализациясы, жылытуу системасы, сырткы жасалгасы жана бала бакчанын айланасын тосуу иштери дээрлик аяктаган. Азыр көрктөндүрүү жана башка жыйынтыктоочу иштер аткарылууда. 
Бала бакча 120 орунга, 6 тайпага ылайыкталган. Аны жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда. Буга чейин аталган имаратта тургундар жашап келген болсо, учурда ал мамлекеттин карамагына кайтарылып, балдар үчүн кайрадан пайдаланууга даярдалууда. 
Аталган объектилердин көпчүлүгүндө иштер Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду, облустук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Жаңылоо иштеринин негизги максаты – окуучулар жана тарбиялануучулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.
А.К., «КБ»
Комментарийлер