ЖООКЕР АКЫНДЫН ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРДЫ

  • 05.10.2021
  • 0

Мугалимдердин кесиптик майрамына утурлай Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата поэзия кечеси болуп өттү.

Кыргызстандын көрүнүктүү акын-жазуучулары катышкан бул кызыктуу иш-чараны Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык-технологиялар мектеп-лицейинин алдыңкы мугалими Шайбекова Чынара өз классы менен уюштурду.

— Азыркы санарип замандын жаштары өткөн согуштун баатырларын билиши керек. Бүгүнкү кечеде окуучулар Сүйүнбай Эралиевдин согуш темасына арналган ырларын көркөм окуп беришти, — дейт педагог.

Ыр кечеге катышкан кыргыз маданиятынын алдыңкы өкүлдөрү болушкан бир катар акын-жазуучулар жоокер акынды эскерип, анын чыгармачылык бөтөнчөлүгүнө токтолушту.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер