ЖООКЕР АКЫН ЖУСУПТУН КИТЕПКАНАСЫНДА
- 21.11.2025
- 0
Бишкек шаарындагы №2 Ж.Турусбеков атындагы китепканада акын жана драматург Жусуп Турусбековдун 115 жылдыгына жана китепкананын 85 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Ага акындын жакын туугандары, неберелери Асел Даниярова жана Бектур Данияров, Жаңыл Турусбекова, китепкана тармагынын ардагерлери, белгилүү акын Д.Юсупов, алыкул таануучу Памир Казыбаев ж.б. катышты.
Китепканада жоокер акындын жаркын элесине арналган китеп бурчу ачылып, анын үй-бүлөсү жана калемдештери, замандаштары менен түшкөн сүрөттөрү кайра жаңыртылып китепканага жаңы жүз берди.
Жусуп акындын кызы Лилянын кызы Асел Даниярованын айтымында, акын кызы Лиляны өзгөчө жакшы көрүп, Кыргызстандын жаңыдан калыптанып келаткан маданий жана адабий чөйрөсүндө кандай иш-чара болсо дайыма ээрчитип жүргөн. Өзү эне-атадан эрте калып интернатта өскөндүктөнбү, бир кыз, эки уулуна өзгөчө мээримдүү ата болгон. Балдары мектепте чогулуш болобу же дагы башка иш-чаралар болобу, өзү барып катышканды жакшы көргөн.
Кыргыз драматургиясынын түптөөчүлөрүнүн бири мекенчил, ырларды жазган мекенчил акын Жусуп Турусбеков өмүрүнүн гүлгүндөй жаш курагында батышта күйгөн согушка аттанып, кайтпай калган. Анын “Ажал ордуна” драмасы, арадан канча мезгил өтсө да, жаңырып ырдалып, популярдуулугу артып, нечендеген эстрада ырчыларынын “визиткасына” айланган “Эсимде” ырын ким гана билбейт.
Салтанаттуу жыйында “Эсимде” ыры аткарылып, №100 лицейдин окуучулары даярдаган чакан сценкалар ойнолуп, акындын ырлары окулду. Андан тышкары, келген меймандар акындын өмүр жолун баяндаган видеотасмага күбө болушту.
Болгону 33 жаш жашаган жалын жүрөк жоокер акындын ысымы 1961-жылы акындын 50 жылдык мааракесине байланыштуу Фрунзе шаардык депутаттар кеңешинин чечими менен китепканага ыйгарылган. Аталган китепкана 1939-жылы шаардык балдар китепканасынын базасында ачылган. 1949-жылга чейин Ю.Фучик паркындагы клубда жайгашкан китепкананы 1959-жылы Б.Бейшеналиева көчөсүндө атайын курулган жаңы имаратка көчүрүшкөн. Жыл сайын китепкананын фонду жаңы басмалар менен толукталып, окурмандардын саны көбөйүп турган. Учурда китепкананын фондусу – 54279 китеп, анын ичинен кыргызча китептердин саны – 8322 китеп.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”








Комментарийлер