ЖЕМИШТҮҮ ЖОЛУГУШУУ

  • 09.02.2023
  • 0

Панфилов районундагы И.В.Панфилов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун алкагында, окуу тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары жана  мектептин башталгыч класстарынын  усул жетекчилерине арналган отурум болуп өттү.

ЖЕМИШТҮҮ ЖОЛУГУШУУ

Мектептин директору Е.Н.Белинованын билдирген маалыматы боюнча бул отурум электрондук китептерди колдонуу, формативдүү баалоо тиркемелери, BalloAbb, SabakAbb, райондун мектептеринде «Окуу керемет» долбоорунун алкагындагы класстан тышкаркы иш-чараларды бекитүү жана башталгыч класстардын билим сапатын жакшыртуу үчүн мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү максатын камтыды.

Улуттук тренерлер Н.Өзүбекова, Э.Исанов, Л.Будкевич жана методист С.Шабданалиева мектептерде электрондук тиркемелерди колдонуу боюнча тапшырмаларды берип, практика жүзүндө көрсөтүштү. Ата-энелер жана балдар үчүн долбоор сунуштаган пайдалуу болгон электрондук китептери менен тааныштырышты.

Отурумда андан тышкары, башталгыч класстарда класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу жана башталгыч класстардын декадасынын графиги талкуудан өткөн соң бекитилди.

А.К.,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер