ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ: БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН ОТЧЕТУ (2-БӨЛҮМ)

  • 19.09.2020
  • 0

 Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы бир жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ: БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН ОТЧЕТУ (2-БӨЛҮМ)

  1. IV. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО, БААЛОО МЕХНИЗМДЕРИ

Окуучулардын ийгиликтери баалоо, билим берүүнүн сапатын камсыздоо кандай жагдай болбосун негизги принцип болуп кала бермекчи. Республикалык олимпиаданын IV этабын реалдуу режимде өткөрүүгө мүмкүндүк жок болгондуктан  областтык турларда I, II, III орундарды алган 483 окуучуну жеңүүчү деп жарыялоо чечими кабыл алынды. I орунду 160 окуучу ээлеп, 281 бүтүрүүчү олимпиадада профилдик предметтерден ээлеген орундарына ылайык жогорку окуу жайларга кирүү конкурстарында жеңилдиктерге ээ болушту. Ошондой эле “Биз ХХI интеллектуалдарыбыз” деген аталыштагы эл аралык конкурсу онлайн режимде өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүлөрү предметтик олимпиаданын катышуучулары менен бирдей эле Кыргызстандагы техникалык жогорку окуу жайларында гранттык негизде окууга мүмкүндүк алышты. Быйылкы тестирлөөгө 44 миңдей окуучу катышып, алардын ичинен 53 бүтүрүүчү “Алтын сертификаттарга” ээ болушту.

ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ: БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН ОТЧЕТУ (2-БӨЛҮМ)

PISAга ДАЯРДАНУУ

Белгилүү болгондой эле эл аралык стандарттарга ылайык, окуучулардын билиминин сапатын аныктоочу PISA га даярдануу абдан маанилүү. Бул багытта мугалимдер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде “PISA эл аралык изилдөөсүнө катышабыз” деген аталыштагы методикалык колдонмо жарык көрүп, 5-6-класстардын окуучуларына математика, табият таануу, кыргыз тили, орус тили, дене тарбия, биология сабактары боюнча онлайн-тестирлөө өткөрүлдү. Баса белгилеп кете турган болсок аталган тесттер жаңы стандарттардын негизинде түзүлгөн.

Жалпы билим берүү мектептерин сапаттуу билим берүү мекмелерине айландыруу багытында 30 инновациялык мектепке түрдүү багыттагы 300 лабораториялык жабдыктар орнотулуп,  жаңы окуу эмеректери, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, интерактивдүү доскалар, сервердик жабдыктар жана видеоконференциялык байланыш системалары менен камсыздалды. Бул Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун негизинде ишке ашты. 2020-жылы 8 колледждин базасында окуу-өндүрүш комплекстери ачылат. Комплекстердин имараттары курулуп, керектүү жабдыктар менен камсыздоо процесси жүрүп жатат.

 

ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН БААЛОО МЕХАНИЗМДЕРИ

Жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоо механизмдери зарыл болгондуктан мектеп директорлорунун, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин райондук/шаардык, билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын башчыларынын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн критерийлер иштелип чыкты.

 

ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ

ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ: БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН ОТЧЕТУ (2-БӨЛҮМ)

Инклюзивдик билим берүү учурдун негизги талаптарынын бири болгондуктан бул багытта 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды. КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 Токтому менен кесиптик орто жана жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттарынын макеттерине өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөргө ылайык, окуу жайлары ден соолугунун мүмкнүчүлүгү чектелген жарандарга алардын арызынын негизинде психофизикалык өзгөчөлүктөрүн, индивидуалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, социалдык адаптацияланууга жардам берүү менен негизги билим берүү программаларында окуганга шарт түзүшү керек.

Угуу, көрүү, жана интеллектуалдык өсүү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу боюнча республика боюнча 14 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемелери (1775 бала) жана 18 атайын жалпы билим берүү уюмдары (3496 бала) иштейт. Балдардын жалпы саны 5 271.

Ден соолугу оор абалдагы 1353 бала үчүн  үйдө окутуу уюштурулган, ал эми ден соолугунда жеңил формадагы ооруган 347 бала үчүн Бишкек шаарындагы 6 мектепте, Ысык-Көл облусундагы 4 мектепте коррекциялык класстар уюштурулган. Жалпысынан мындай жагдайдагы 3 жаштан 18 жашка чейинки 6 971 бала  билим алууга тартылган.

 

VI. МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ЫСЫК ТАМАК МЕНЕН КАМСЫЗДОО

ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ: БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН ОТЧЕТУ (2-БӨЛҮМ)

Мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо негизги приоритеттүү багыттардын бири катары ар дайым көзөмөлдө. 2013-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык Түлүк программасы, «Мерсико» уюму жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте мектепте ысык тамак берүүнүн жаңы мамилесин апробациялап келет. 2019-жылдын декабрь айында “жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды.

Жаңы окуу жылынан тарта мурда ысык тамак берилип келе жаткан 1485 мектепке дагы 150 мектеп кошулуп (1-класстар), жыйынтыгында учурда ысык тамак берилип жаткан мектептердин саны 1635 жетти.

 

VII. КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ, КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРДИ АЛДЫН АЛУУ БАГЫТЫНДА ЖАСАЛГАН ЖУМУШТАР

ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ: БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН ОТЧЕТУ (2-БӨЛҮМ)

Билим берүү жана илим министрлигинде КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу багытында бир топ жумуштар жасалды. 2019-жылдын октябрь айынан тартып Кыргызстандагы бардык мугалимдердин айлык маянасы педагогикалык билимине карабай, 30%га жогорулады.

Айлык маянаны жогорулатууга мамлекеттик бюджеттен 2019-жылдын 3 айы үчүн —  1,7 млрд.сом жана 2020-жыл үчүн —  6,9 млрд. сом бөлүнгөн.

Жалпысынан билим берүү чөйрөсүндө иштеген 120 000 кызматкердин айлыгы көтөрүлдү, анын 77860 жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери, 7694 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары, 3680 кесиптик техникалык билим берүүнүн өндүрүштүк окутуу боюнча мастерлери, 7427 кесиптик орто окуу жайларынын мугалимдери, 23339 администрациялык-башкаруу персоналы, ийримдердин окутуучулары, методисттер, балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиячылары, китепканачылар, ашпозчулар, эсепчилер, көмөкчү тарбиячылар.

2010-2019-жылдар аралыгында айлык маянанын динамикасы:

    201020112015  2018    2019
Жогорку билими бар мугалимдин 20 сааттык жүктөм менен айлык маянасы3832661410 3011378917   925

 

Дагы бир көйгөйлүү маселе берилген айлыктын сарамжалдуу эсепетелип, кызматкерлерге жеткирилиши. Бул багытт дагы бир топ көйгөйлөр болуп, нараазычылыктар айтылып келген. Аталган маслелени оптималдуу чечүү үчүн билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасын чегерүү автоматташтырылды. Аны менен, айлык маянаны эсептөөдө ачыктыкты камсыздап, билим берүү системасына кирген мекемелерде “жок адамдар” (кээ бир жумуш орундарына башка бир адамдарды жазып коюу аркылуу айлык алуу) практикасынан арылууга мүмкүн болду. Ошондой эле мурда жол берилип келген Социалдык фонд, салык төлөмдөрүн эсептөөдө катачылыкка жол бербөө маселеси да чечилди.

  • ӨЗГӨЧӨ ҮЛГҮДӨГҮ АТТЕСТАТ АЛУУГА ТАЛАПКЕР БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР “АЛТЫН ТАМГА” АТТЕСТАЦИЯСЫ АЧЫК-АЙКЫН УЮШТУРУЛДУ

Өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер бүтүрүүчүлөр үчүн “Алтын тамга” аттестациясы жылда адаттагы барьерлердин бири болуп келсе, быйыл ал ачык-айкын уюштурулду. Ал үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан санариптик форматта сынак алуу үчүн атайын программалык продукт жасалып чыгып, аттестацияны өткөрүү үчүн 180 планшет сатылып алынды жана сынак планшеттер менен өткөрүлдү. Жыйынтык чыгаруу процесси автоматташтырылып, талапкер окуучулар өз баллдарын дароо көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

1250 талапкердин ичинен 234 окуучу өз статусун тастыкташты. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2% өсүш бар, анткени былтыры 1055 талапкердин ичинен 182 тастыктаган (17%).

 

  • “ЭЛЕКТРОНДУК ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ” МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАСЫ ИШКЕ БЕРИЛДИ

 

Министрликтеги эң эле көйгөйлүү маселелердин дагы бир бул лицензиялоо. Лицензияларды берүүнүн ачыктыгын камсыздап, бюрократиялык тоскоолдуктарын жоюу жана коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу максатында http://license.edu.gov.kg/ адресинде тесттик режимде Электрондук лицензия берүү системасы ишке берилди. Система буга чейин берилген лицензиялардын реестрин камтыйт жана ал реестр “Түндүк” маалымат алмашуу каналына туташтырылып, башка мамлекеттик органдарга маалымат берилет. Учурга карата электрондук форматта берилген лицензига арыздардын саны – 132

 

Бала бакчаларда жана мектептерде фонддорго акча топтоо ар дайым ата-энелердин нараазычылыгын жаратып келген.  Негизги чечимдердин бири катары жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, директор, завучтар, класс жетекчилерине —  окуучулардан, ата-энелерден акча топтоого тыюу салынып, Мектептеги коомдук фонддор аркылуу топтолгон каражаттардын айкындуулугун камсыздоо үчүн атайын санариптик система түзүлүп сунушталгандыгын айтууга болот. Ошондой эле министрликтеги мурдагы, репутациясы таза эмес аудиторлор кызматтан алынып, ички аудит кызматына жаңыдан конкурстун негизинде кызматкерлер алынды.

 

  • ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ СЫНАКТАРЫНЫН АЧЫКТЫГЫ КАМСЫЗДАЛДЫ, КООМДОГУ НААРАЗЫЧЫЛЫКТАР ТОКТОДУ

Өнөктөш мамлекеттер тарабынан жылына бюджеттик негизде жогорку окуу жайларына Кыргызстандын жарандары үчүн квоталар бөлүнүп келет.  Үстүбүздөгү жылы чет өлкөлүк окуу жайларга кабыл алуу сынактарынын ачыктыгы камсыздалды. Ал үчүн кабыл алуу санариптик форматта болуп, сынак кабыл алуу комиссияларынын курамдары жаңыланып, коомчулуктун өкүлдөрү киргизилди. Сынактардын жол-жоболору өз мөөнөтүндө жарыяланып, катышуучулардын тизмелери ачык болду. Сынактар компьютерде өткөрүлүп, жыйынтыктары кагаз түрүндө дароо талапкерлерге берилди. Маектешүү процесси толугу менен видеотасмага тартылып, апелляция болгон учурларда көрсөтүлүп жатты.

Венгриянын ЖОЖдоруна – 170, Кытайга (бакалавр) – 95, тил курстарына – 30, Казакстанга  – 15 талапкер катышты.

 

Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлүк ЖОЖдордо окуу үчүн берилген квоталар боюнча макулдашуулар:

 

  1. Белоруссия

Макулдашууга ылайык (27-ноябрь 2006-жыл) Беларусь Республикасынын жогорку окуу жайларынын бакалавриат/специалитет, магистратура, аспирантура, докторантура программалары жана стажировкалар боюнча 10 бюджеттик орунга чейин квоталар берилет;

Окууга кабыл алуу Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан жүргүзүлөт

  1. Венгрия

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын адам ресурстары министрлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык (Нью-Йорк, 21- сентябрь 2016-жыл), Венгриянын жогорку окуу жайларынын бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларына алгач 25 орун бөлүнгөн болсо, 2019-2020-жылдан тарта квотанын саны 75 орунга жеткирилген. (30 орун –бакалавриат, 30 орун – магистратура, 15 орун –докторантура).

 

Учурда квоталардын санын 150 жеткирүү боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди. Окуу жайларга тандоонун алгачкы турун Билим берүү жана илим министрлиги өткөрөт

  1. Казакстан

Казакстандын жогорку окуу жайларынан 5 бюджеттик орун эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында бөлүнүп келет. Учурда квоталардын санын көбөйтүү боюнча жумуштар жүрүп жатат.  Окуу жайларга тандоонун алгачкы турун Билим берүү жана илим министрлиги өткөрөт

  1. Кытай Эл Республикасы

2015-жылы 16-декабрында Пекин шаарында КР жана КЭРдин Билим берүү министрлеринин ортосундагы макулдашууга жана 2006-жылдын 15-июнунда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашуусуна ылайык кытай тарап жылына кыргыз жарандары үчүн орундарды бөлүп берет. Эки тараптуу макулдашуунун алкагында – 30 орун, ШКУнун алкагында – 40 орун.

  1. Латвия

Латвия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2016-жылдын 17-октябрында жетишилген макулдашууга ылайык бюджеттик орундар каралган. Конкреттүү сандар такталган эмес, бирок Латвиянын мыйзамдарына ылайык бир өлкө үчүн бөлүнгөн квота жалпы бөлүнгөн орундардын 10% ашпаш керек. Кабыл алуу Латвия тарабынан администрленген онлайн платформанын жардамы менен ишке ашырылат.

  1. Россия Федерациясы

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашуусуна ылайык (Москва, 29-март 1996-жыл) кыргыз жарандарына жыл сайын 370-400 бюджеттик орундар бөлүнөт. 2014-жылдан бери Россия Федерациясынын чечимине ылайык, документтерди кабыл алуу, абитуриенттерди тандоо процедураларын Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурат;

  1. Тажикстан

2007-жылдын 15-мартында жетишилген макулдашууга ылайык, Тажикстан Республикасынын жогорку окуу жайларынан 50  бюджеттик орундар бөлүнөт;

  1. Турция

1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасы менен Турция Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашуусуна ылайык жылына 80-100 бюджеттик орундар бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча берилет;

 

2012-жылдан бери окуу жайларга кабыл алууну Туркия Республикасынын www.turkiyeburslari.gov.tr сайтында каттоо аркылуу уюштурат.

 

VIII. МИНИСТРЛИККЕ БОЛГОН ИШЕНИМ ИНДЕКСИ

 

2012 жылдан тартып КРнын Улуттук статистика комитети  системдүү түрдө 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде “Калктын ишеним индексин” түзөт. Ишеним индекси аркылуу жарандардын жоопторунун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн алардын сапатын, жарандар менен өз ара кызматташуусун аныкташат. 2019-жылдын 1-жарымында 24,9 % рейтинг менен Билим берүү жана илим министрлиги 7-орунда болсо, бир жылдан кийин, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында 37,3% рейтинг менен министрликтердин арасында 3-орунга чыкты.

 

Бул көрсөткүч 2012-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Калктын ишениминин өсүшү – министрликтин ишмердүүлүгү жарандардын жашоосуна позитивдүү таасир берип жаткандыгынан кабар берүү менен жоопкерчиликти мындан да арттырат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер