ЖОЛАМАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ КУТТУКТАДЫ

  • 07.08.2024
  • 0

ЖОЛАМАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ КУТТУКТАДЫ6-августта түнкү саат 23:45те Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, атактуу балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков коло медаль утуп, кыргыз элин сүйүнүчкө бөлөдү. Ал коло байге үчүн күрөштө ирандык Мехди Мохсеннежад беттешип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип алып, Париж олимпиадасынын Кыргызстан үчүн байге эсебин расмий ачты. Буга чейин ирандык атаандашы менен төрт ирет жолугуп, төрт жолу утуп алган.  Ошентип, ирандык Мехди Мохсеннежадди бешинчи ирет жеңилүү ызасын тарттырды.

ЖОЛАМАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ КУТТУКТАДЫ

Жоламан Шаршенбеков олимпиадалык мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач  дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону, казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде, чейрек финалда Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, румыниялык Разван Арнаутту 9:0 эсебинде артыкчылык менен утуп, жарым финалга чыккан.

7-августта Президентибиз Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбековду  коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, өлкө башчы дүйнөнүн төрт бурчунан келген спортчулардын катарында Олимпиада оюндарында Жоламандын коло медалга ээ болушу да чоң жетишкендик, ийгилик экенин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы дүйнө жүзүндөгү мен-мен деген спортчулардын Олимпиада оюндарында  Жоламандын коло медалга ээ болушу чоң ийгилик экенин өзгөчө белгилеп айтты.

“Биз сенин ар бир кармашыңды бир дем менен көрүп жаттык. Эли-журтуң сен ийилсең ийилип, сени менен жан бирдей болуп жатты. Албетте, Олимпиада- деген дүйнөлүк мелдеш. Дагы далай жолу катышасың. Ийгилик ушуну менен эле токтоп калбайт. Сенин келечегиң али алдыда. Дагы далай алтын, күмүш медалдарды багындырасың!” – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Жоламан Шаршенбековго мындан аркы ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренада чыккан ар бир спортчу мыкты оюн көрсөткөн мелдештери менен канчалаган жаш муунду шыктандырып, алардын келечектен көптү күткөн үмүттөрүн жандандыраарын белгилей кетти.

Президент Садыр Жапаров кыргыз эли өз баатырынын Ата Мекенине кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аны татыктуу сыйлыгы менен жеке куттуктай турганын кошумчалады.

Жоламан Шаршенбеков президентке жана жалпы Кыргызстан элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын жаңы жеңиштерине дем-күч берерин айтты.

 

ЖОЛАМАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ КУТТУКТАДЫ

 

Тарыхый эрдик, каармандык жараткан Мээрим менен  Жоламанды,  Мээримдин алгачкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу , атасы Дүйшөн Жуманазаровду, жеке устаты ардагерлер арасында дүйнөнүн көп жолку чемпиону Чынарбек Изабековду, Жоламандын да машыктыруучуларын, жеке устаты 85 жаштагы Хаким Махмудовду, Мээрим менен Жоламандын ата-энесин, мугалимдерин, Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев башында турган жамааты,  жалпы кыргызстандык күйөрмандардын атынан жеңиштери менен куттуктайбыз.

Кыргызстандан Париж Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Учурда бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкканы эле колунда коло байгеси бар экенин билдирип турат.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиада оюндарында 3 күмүш, 4 коло байгелүү болуп, алтын медалга жете элек. Парижде Жоламан бир коло медалды эсепке кошту.  Мээрим эгемендүү Кыргызстанга олимпиадалык күмүш байгени тартуулады.  Ал Токио олимпиадасында коло медаль уткан. Эми 2028-жылы Лос-Ангелесте өтчү олимпиадада алтын медаль утуп алышына тилектешпиз! Баатыр кыз башты жерге салба, келме кезегиң келип, элиңди дагы сүйүнтөөрсүң!

Ошондуктан Парижде намыс талашып, кыргызды дүйнөгө тааныткан балбандарды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!

Кабыл Макешов,  

Кыргыз Републикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер