ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЖАШ ТЕСКӨӨЧҮЛӨРҮНҮН РЕСПУБЛИКАЛЫК КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 26.05.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы “Сейтек” Улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борборунда 17-майдан 19-майга чейин “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн” отряддарынын республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү.

ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЖАШ ТЕСКӨӨЧҮЛӨРҮНҮН РЕСПУБЛИКАЛЫК КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Кароо-сынакка аймактардан 9 команда катышып, баш байге ээси болуп Нарын облусунун “Светофор” командасы табылды.  Ал эми I орунду – Чүй облусунун “Жезл”,  II орунду – Ысык-Көл облусунун “Клаксон”, жана III орунду – Баткен облусунун “Светофор” командалары алды.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Билим берүү жана илим министрлигинин атайын дипломдору, мугалимдерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү баалуу белектер менен бардык катышуучулар сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер