ЖОЛ КООПСУЗДУГУНУН АРАКЕТ АПТАЛЫГЫ: «ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЯТ»

  • 19.05.2022
  • 0

Өкмөттүк эмес уюмдардын Глобалдык альянсы тарабынан жарыяланган жол коопсуздугуна арналган апталыктын кезектеги иш чарасы Бишкектеги  №5  мектеп-лицейинде болду. 

3-класстын окуучулары жана жол кыймылынын жаш инспекторлору командасы “Көчөлөр адамдар үчүн, 30 км/сааттан баштаңыз” аттуу флешмоб өткөрүштү.

18-майда окуу жайлардын жанында ылдамдыкты азайтуу чаралары жөнүндө талкуу Бишкек мамлекеттик университетинде  болду. Ага Кыргызстандын Ички иштер жана Транспорт министрлигинин жол коопсуздугун караган жетекчилери, коомдук актвиисттер катышты.

Андан бир күн мурда ылдамдыкты азайтууга чакырган флешмоб акция баш калаадагы №67 мектеп гимназиясында өткөн.

Ошондой эле  окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында лекция, семинар, тренинг жана дебаттар уюштурулду. Мектептин айланасындагы жолдо балдардын жол белгилерин туура таанып билүүсү үчүн окуулар жүргүзүлдү.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУНУН АРАКЕТ АПТАЛЫГЫ: "ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЯТ"

“Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы менен жолугуп, 2022 -2023 окуу жылына карата мектептердин жанындагы ылдамдыкты саатына 30кмге азайтуу аракетин пилоттук түрдө  ишке ашыралы деген максат менен бул иш-чараны өткөрүп жатабыз.” – деп билдирди «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова.

Балдарды үндөө жана алардын коопсуздугун бекемдөө максатында салттуу түрдө окуучуларга жана катышуучуларга чагылдыруучу билериктер таратылды.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУНУН АРАКЕТ АПТАЛЫГЫ: "ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЯТ"Бүгүнкү күндө жол кырсыктары балдардын жана жаштардын өлүмүнүн негизги себептеринин бири болуп жатат. Саатына 30 км ылдамдыктагы унаага урунган бала аман калышы мүмкүн, бирок  саатына 80 км ылдамдык менен алып учуп келаткан унаага урунгандын көбү каза табат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын Глобалдык альянсы тарабынан жарыяланган “Аракет жумалыгы” Бишкекте 16 -майда башталган, ал 20-майга чейин созулат. Аракет жумалыгынын максаты —  кишилер көп жашаган, баскан жана ойногон жерлерде унаа ылдамдыгын 30 км/с азайтууга чакыруу, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун иш-аракетин бириктирүү.

Окуучулар жана уюштуруучулар биргеликте айдоочуларды ылдамдыкты азайтууга, жол кыймылына катышкан бардык тараптарды коопсуздук үчүн жооптуу болууга жана акцияны колдоого үндөштү.

Мээркан Садыбакасова, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер