ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН УЛУТТУК РЕЙТИНГИН ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА УЮМДАРДЫ ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

  • 01.02.2023
  • 0

2023-жылдын 2-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдарды тандап баштайт.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН УЛУТТУК РЕЙТИНГИН ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА УЮМДАРДЫ ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:

— Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;

— сапатты баалоо боюнча агенттиктердин таанылган эки – EQAR же APQR эл аралык реестринин бирине кирүү;

— сапатты камсыздоо жана аккредитациялоо боюнча эл аралык тармактарга 3 жылдан кем эмес мүчөлүгү;

— Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү жаатында кесиптик изилдөөлөрдү жана масштабдуу сурамжылоолорду жүргүзүүдө 7 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;

— билим берүүнүн сапатына кепилдик берүү боюнча иш берүүчүлөр, ошондой эле эл аралык тармактар же уюмдар менен ишке ашырылган биргелешкен демилгелердин же долбоорлордун болушу;

— баалоо боюнча өзүнүн иштелип чыккан методологиясын камтыган баалоо боюнча иш-чараларды, конкурстарды, мелдештерди өткөрүүдө тажрыйбасынын болушу;

— жыл сайын жүргүзүлүүчү көз карандысыз финансылык аудиттин жок дегенде акыркы 2 жылдагы оң корутундусу менен ырастоосунун болушу;

— ар кандай конкурстук тандоонун методологиясын иштеп чыгуу жана өткөрүү боюнча тажрыйбанын болушу;

— ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүү методологиясынын болушу;

— рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдар Министрликке төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) эркин формадагы арыз;

2) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) уюмдун жогоруда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган документтер.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 2-февралынан 10-февралына чейин (7 жумушчу күндүн ичинде) саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин.

Арыз (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Тыныстанов кɵчɵсү, 257, 313-каб. (КР Билим берүү жана илим министрлиги).

Бөлүшүү

Комментарийлер