ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН РОЛУ

  • 29.08.2023
  • 0

Бүгүн, “Санарип билим жана жашым көндүмдөр” педагогдордун Август кеңешмесинин экинчи күнүндө Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Нурлан Өмүров “Жогорку окуу жайлардын туруктуу өнүгүүсүндөгү санариптештирүүнүн ролу” деген темада баяндама жасады.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН РОЛУ

Өзгөчө макам алган ОшМУ да Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп, 2011-жылы санариптик технологиялардын жардамында AVN  автоматташтырылган окутуу жана башкаруу системасы ишке кирген.

DATA-БОРБОР

2017-жылы чоң көлөмдөгү маалыматты сактоо жана иштетүү жана сайттардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн атайын кубаттуу компьютерлер (серверлердин) негизинде окуу жайда Data-борбор түзүлгөн. Учурда борбордо модеринизациялоо процесси жүрүп, DELL тибиндеги алты сервер орнотулду жана  аянтчасы 120 терабайтка өстү. Мындан улам дата-борбордун кубаттуулугу кеңейип, борбордук башкаруудагы компьютерлер түзүмү орнотулду.

Окуу корпустардын шаар ичиндеги була-оптикалык кабелдер аркылуу локалдык тармактын аралыгы 40 км жана ылдамдык 1 гегабит/cек түзөт.

Data-борбордо VDI виртуалдык жумушчу орун булуттук технология аркылуу ишке ашкандыгына байланыштуу жеке компьютерлердин  процессорлору Data-борбордун серверине өткөрүү аркылуу  процессорлорго кеткен каражаттарды үнөмдөө, компьютерлерди тейлөөнүн зарылдыгы азайтуу жолуна түштү.

Ошол эле учурда ОшМУнун кызматчылары жумуштарын мобилдик телефон, планшет, компьютер жана ноутбук ж.б. каражаттар менен алыстан интернет аркылуу жумуштарын аткарууга шарт түзүлдү. Бул технология толук кандуу ишке ашканда компьютерлер пайдаланган электр энергия 20 эсе азаят.

Data-борборунун аянтчаларын кеңейтүү жолу менен  Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мекеме, ишканалардагы маалыматты иштетүүчү жана сактоочу Data-борбордун сегменттерин жайгаштыруу аркылуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Ага улай эле GEANT европалык илим-изилдөө жана билим берүү тармагына кошулду. Мында ОшМУ биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана интеграцияланган билим берүү программаларын түзүү үчүн кызматташууга, илимий ресурстарга аралыктан виртуалдык кирүүгө, эл аралык видеоконференцияларды пайдаланууга, Eduroam түйүндөрүндө эл аралык  Wi-Fi роуминг ж.б. кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле GEANT технологиялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу дуйнөдөгү алдынкы өнүккөн мамлекеттердин окуу жайларынын заманбап ресурстарын пайдаланууга жол ачылды.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН РОЛУ

САНАРИП УНИВЕРСИТЕТ

Учурда университеттин бардык кыймыл-аракеттери толук электрондук форматта ишке ашырылууда. Абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс санариптештирилди.

Окутуучуну баалоо ички рейтинг түзүмү «Электрондук өздүк баракча» платформасы аркылуу ишке ашууда. Максаты — иштин натыйжалуулугун арттыруу,  профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүн көтөрүү,  илимий изилдөө иштерине тартуу жана  стимулдаштыруу менен эмгек акысына кошумча  акыны аныктоо.

Электрондук документ системасы иштелип чыгып, ал аркылуу уинверситеттин ичинде документ айлантуусу толук санариптештирилди.

Мындан сырткары, окуу жайдын электрондук кампусу түзүлүүдө. Факультеттер арасында оптобулалуу өткөргүч аркылуу байланыш түзүлүп, аларды жалпы системалар менен камсыздоо үчүн дата-центр уюштурулган жана автономдуу электр генератору коюлган.

Онлайн тест алуу үчүн https://testapp.portal.oshsu.kg/ тест системасы ишке кирип, ар бир окутуучуга жеке каана уюштурулду.  Экзамен учурунда тапшырып жаткан студенттин өздүгүн аныктоо прокторинг аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бүтүрүүчү курстарды аралыктан экзамендерди жана МАКты тапшыруусун уюштуруу максатында http://webinar.oshsu.kg/ видеоконференция программасы түзүлдү.

Ал эми http://tabel.oshsu.kg/ системасын түзүү менен кызматкерлердин табелдерин тапшыруу онлайн форматка өткөрүлдү, анда система дем алыш күндөрдү өзү көрсөтөт жана эсептелген маалыматтарды 1С бухгалтерия программасына жүктөйт.

Илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, маалыматты жеткирүүнүн ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында http://vestnik.oshsu.kg веб порталы жаңы маалыматтар менен толукталды. Антиплагиат http://plagiat.oshsu.kg программасы аркылуу текшерүү жүрүүдө.

 

Кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында, «Адис» окуу борборунун өтүнүчү менен абитуриенттердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктоочу http://test.oshsu.kg/ порталы иштелип чыгып, 15 миндей мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тест алынды жана жөндөмдүүлүгүнө жараша кесиптер сунушталды.

2020-2021 окуу жылынан тарта ОшМУ «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмаша баштады, анда Билим берүү жана илим министрлигинин базасынан  дипломдорду текшерүү http://sev.oshsu.kg/  сервиси аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Студенттерге кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн форматка өткөрүү максатында http://ab.portal.oshsu.kg/ айланма баракча сервиси иштеп баштады, анда студент окуу жайга келбей эле айланма баракчаны онлайн толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Онлайн тест алуу үчүн https://testapp.portal.oshsu.kg/тест системасы түзүлүп, ар бир окутуучуга жеке каана уюштурулду.

 

http://teacher.portal.oshsu.kg/ профессордук-окутуучулук курамдын электрондук өздүк баракчасы түзүлүп, анда ар бир окутуучу  рейтингге катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Андан сырткары, электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук оорукана системасы  жана башка 40тан ашуун университеттин ички сайттары иштелип чыкты.

Аталган программалар ОшМУнун программист-адистери тарабынан түзүлүп, КРдин Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан тастыктоочу күбөлүгү алынган.

ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕГИ, БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛАР

2022-2023-окуу жылында университеттин окуу процесси академиялык эркиндиктин принциптерине жана студенттердин жеке траекториясына негизделген дисциплиналарды жана окутуучуну тандоо мүмкүнчүлүгүн киргизди. Студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер