ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИНИН ОРТОСУНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 31.03.2021
  • 0

Эл аралык Кувейт университетинде жогорку окуу жайларынын студенттери арасында “Батыш менен Чыгыштын өз ара мамилеси жаштардын көзү менен” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Ага Кыргызстан эл аралык университетинин, Кыргыз-Россия-Славян  университетинин жана  Кувейт университеттин студенттери катышты.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИНИН ОРТОСУНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТКӨРҮЛДҮ

Эл аралык жогорку окуу жайларынын  студенттери  “Саясий окуулардын тарыхы” сабагын, дүйнө мамлекеттеринин гимнин, эл аралык уюмдардын таржымалын жана көрүнүктүү саясий ишмерлердин учкул сөздөрүн билүү боюнча  алган билимин сынашты.

Интеллектуалдык оюндун жыйынтыгында биринчи орунду КРСУ тайпасы, экинчи орунду ЭКУ жана үчүнчү орундга КЭУнун командасы ээ болду.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИНИН ОРТОСУНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТКӨРҮЛДҮ

Мындан сырткары оюндан кийин КРСУ жана КЭУ студенттери үчүн атайын  университеттин ичине экскурция уюштурулду.

ЭКУ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер