Жогорку математиканы окутуунун жаңы ыкмасы
- 28.05.2026
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илимий-методикалык семинар өтүп, анын алкагында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жогорку математика кафедрасынын доценти Адырбек Урдинов «Таяныч сигналдары менен жогорку математикадагы стол методу» аттуу автордук методикалык иштеп чыгуусун сунуштады.

Иштеп чыгуу инженердик багыттагы студенттерге жогорку математиканы окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине арналган. Методика окуу материалдарын системалаштырууга жана таяныч сигналдарын колдонууга негизделген.

Автор окуу процессинде математикалык формулаларды тартипке келтирип, аларды өздөштүрүүнү жеңилдетүүгө багытталган ыкманы тааныштырды.
Ошондой эле университеттин окумуштуулар кеңешинин жыйынында кеңеш мүчөлөрү бул иштеп чыгуу менен тааныштырылды. Университеттин ректору Адырбек Урдиновго сунушталган илимий-методикалык материал жана жогорку математиканы окутуу усулун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бөлүшүү



Комментарийлер