САНАРИПТИК ИНФРАСТРУКТУРА: 25 МЕКТЕПКЕ STARLINK ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 23.10.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. САНАРИПТИК ИНФРАСТРУКТУРА: 25 МЕКТЕПКЕ STARLINK ТАПШЫРЫЛДЫ

Аталган жабдуулар компания тарабынан акысыз негизде берилип, билим берүү мекемелерине жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн тапшырылды. Бул демилге билим берүү, медициналык жана башка социалдык объектилерди, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарда жайгашкандарын да заманбап байланыш кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ырааттуу мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда. САНАРИПТИК ИНФРАСТРУКТУРА: 25 МЕКТЕПКЕ STARLINK ТАПШЫРЫЛДЫ

Бул багыттагы иштер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин түздөн-түз колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 2025-жылы Кыргыз Республикасында спутниктик интернетти киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Аны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча заманбап спутниктик байланыш технологияларын туруктуу негизде колдонууга шарт түзгөн тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. САНАРИПТИК ИНФРАСТРУКТУРА: 25 МЕКТЕПКЕ STARLINK ТАПШЫРЫЛДЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири санариптик теңсиздикти кыскартуу жана жашаган жерине карабастан сапаттуу билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү экенин баса белгилеп: «Биздин максат — шаардабы же алыскы айылдабы жашаганына карабастан, ар бир окуучу заманбап билим берүү ресурстарын пайдалана ала турган шарттарды түзүү. Бүгүнкү күндө интернетке жеткиликтүүлүк — бул билимге, жаңы технологияларга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүк. Ошондуктан биз өлкөнүн бардык аймактарында санариптик инфраструктураны кеңейтүү боюнча ырааттуу иш алып барып жатабыз», — деди ал. САНАРИПТИК ИНФРАСТРУКТУРА: 25 МЕКТЕПКЕ STARLINK ТАПШЫРЫЛДЫ

Берилген жабдууларды натыйжалуу пайдалануу жана санариптик технологияларды күнүмдүк билим берүү процессине киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди заманбап байланыш кызматтарына туташтыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча системалуу ишти улантат, мында интернетке жеткиликтүүлүгү чектелген аймактарга артыкчылык берилет. САНАРИПТИК ИНФРАСТРУКТУРА: 25 МЕКТЕПКЕ STARLINK ТАПШЫРЫЛДЫ

Жүргүзүлүп жаткан иштин негизги максаты — жашаган жерине карабастан, ар бир жаран заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана ала турган жеткиликтүү санариптик чөйрөнү түзүү.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү