ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ БИЗНЕСТИ ЖАНА ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 25.02.2020
  • 0

Бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Төрага Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги астында өткөн отурумда аталган Кеңештин мурда кабыл алган чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат берилип, андан соң бир катар мыйзам долбоорлору жөнүндө сөз болду.

Анын ичинен, Кыргызстандагы бал аарычылыкты өнүктүрүү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселеси каралып, бул боюнча Кыргыз Республикасынын Бал аарычылар ассоциациясынын төрагасы Жакшылык Дүйшөналиев маалымат берди.

Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстанда 79 бал өндүрүүчү ишкана бар. 2019-жылдын эсеби боюнча өлкөдө 2000 тоннадай бал өндүрүлүп, анын 493 тоннасы экспорттолгон.

“Бирок биздин 12 миң тоннадан көп бал өндүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Муну менен катар биздин жаратылышыбыз, табигый мүмкүнчүлүктөрүбүз балдын сапаттуусун өндүрүүгө ылайыктуу. Алсак, 1990-жылдары жыл сайын 12 миң тонна бал өндүрүп, Союздук республикалардын ичинен 3-орунда турган” ,– деди Жакшылык Дүйшөналиев.

Ал эми Төрага Дастанбек Жумабеков бул жаатта алгылыктуу иштерди жасоо менен бал өндүрүү тармагын колдоо керектигин белгилеп: “Жакында эле Араб өлкөлөрүнө жасаган иш сапарымдын алкагында, аталган чөлкөмдөгү мамлекеттердин кыргыз балына өтө кызыгарын байкадым. Буга чейин дүйнөлүк абройлуу көргөзмөлөрдө да бизден өндүрүлгөн бал алдыңкы орундарды ээлеп келгени баарыбызга белгилүү. Андыктан, бал аарычылык чарбасын күчтөндүрүү менен табигый таза азыкты экспорттоо жагын өнүктүрүшүбүз зарыл”,– деди.

Ошондой эле Төрага тиешелүү мекеме жетекчилерине аталган тармактагы айрым маселелерди чечүүгө жана бал өндүрүшүнө тиешелүү саясатты жүзөгө ашырууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушун берди.

Эскерте кетсек, отурумга депутаттар, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер