ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ЧҮЙ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫНА ЖЫЛУУ КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРДИ ТАПШЫРДЫ

  • 11.12.2019
  • 0

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ЧҮЙ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫНА ЖЫЛУУ КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРДИ ТАПШЫРДЫ

Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан аталган мектеп-интернат 1958-жылы курулган. Азыркы тапта анда 120 бала тарбияланат. Жаңы жыл майрамын утурлай Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан жылуу кийим-кечелерди тапшыруу учурунда парламенттин кызматкерлери: “Балдар – биздин келечек, андыктан аларга кам көрүү башкы милдетибиз”,– деп баса белгилешти.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ЧҮЙ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫНА ЖЫЛУУ КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРДИ ТАПШЫРДЫ

Чүй мектеп-интернатынын директору Кантбүбү Жунусова көрсөткөн жардамы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, интернаттагы ийгиликтерге токтолуп, көпчүлүк тарбиялануучулар жогорку окуу жайларга тапшыруу аркылуу керектүү иш орундары менен камсыз болуп жатканын мисал кылды.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ЧҮЙ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫНА ЖЫЛУУ КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРДИ ТАПШЫРДЫ

“Биз балдарга берилип жаткан бардык жардам үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн жылуу куртка, кышкы бут кийимдерди алдык, эми аларды ар биринин өлчөмүнө жараша кийгизебиз. Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары бир үй-бүлөдөй ынтымактуу. Балдар мектеп программасынан тышкары, ар кандай ийримдерге катышып, спорт менен машыгышат. Кичинесинен чоңдорго жардам берүүнү, өзүнөн кичүү балдарга кам көрүүнү адатка айлантышкан. Маданий иш-чараларга жигердүү аралашып, спектаклдерди коюп турушат”,– деди Кантбүбү Жунусова.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер