Жогорку Кеңеште «FAST Heroes» долбоору талкууланды
- 24.09.2026
- 0
Жогорку Кеңеште балдарга инсульттун алгачкы белгилерин таанууну жана өзгөчө кырдаалда туура аракет көрүүнү үйрөтүүгө багытталган «FAST Heroes» билим берүү долбоорун Кыргызстанда ишке ашыруу демилгеси талкууланды. 
23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Эгенбердиева, Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Төрөбекова билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугушуп, долбоорду өлкөнүн мектептерине киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карашты. 
«FAST Heroes» долбоору окуучуларга инсульттун негизги белгилерин өз убагында таанып, зарыл учурда тез медициналык жардам чакырууну үйрөтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында балдар сүйлөө жөндөмүнүн бузулушу, беттин асимметриясы, кол же буттагы алсыздык сыяктуу белгилерди байкап, кырдаалга туура баа берүүнүн маанисин үйрөнүшөт.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева инсульттун белгилерин эрте таанып, медициналык жардамга тез кайрылуу бейтаптын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын белгиледи. Анын айтымында, долбоор медициналык маалымат берүү менен гана чектелбестен, балдардын жоопкерчилигин, биринчи жардамга кайрылуу көндүмдөрүн жана ден соолук маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт. 
Жолугушууда долбоорду Кыргызстандын билим берүү системасына ылайыкташтыруу, мектептерге жайылтуу, мугалимдерди даярдоо жана окуучуларга берилүүчү медициналык маалыматты алардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык берүү маселелери талкууланды. Ошондой эле ата-энелерди долбоорго тартуу жана мамлекеттик органдар менен биргелешкен ишти уюштуруу боюнча сунуштар айтылды. 
Талкуунун жыйынтыгында долбоорду пилоттук негизде ишке ашыра турган жалпы билим берүү уюмдарын аныктоо жана ал мектептердин мугалимдерин даярдоо сунушталды. Мындан тышкары, Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда программаны ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу, ата-энелер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана долбоордун натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча сунуштар берилди.
А.К., «КБ»