ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАҢЫ МИНИСТРДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОДУ

  • 07.10.2022
  • 0

Жогорку Кеңеш кечээ өз жыйынында  Билим берүү жана илим министрлигине  сунушталган  Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлигин колдоду. Биз төмөндө жаңы дайындалган министрдин бейнесине сүртүмдөрдү, айрым окумуштуулардын  пикирлерин сунуш кылабыз.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАҢЫ МИНИСТРДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОДУ

ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНГЕН ИНСАН

Жаңы министрдин баскан жолу, алган тажрыйбасы байманалуу, ары узак. Ал жаш болгонуна карабай билим менен илимдин арыгын чоң кылып чаап, өз изин салган инсан. Биз анын айрымдарына гана токтоло кетели деп чечтик.

Педагогика илимдеринин доктору Уланбек Мамбетакунов КМУнун физика-техникалык факультетинде билим алган. Ал эмгек жолун катардагы физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң бир катар ЖОЖдордо окутуучу, кафедра башчысы, менеджер, декан, директор, доцент, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген. Eвразия, Абай атындагы Казак улуттук педагогика, Эл аралык Плато, Адам университеттеринин профессору. Көрүнүп тургандай, У.Мамбетакунов – мектептен баштап ЖОЖдорго чейинки жолду ийгиликтүү басып өткөн, бул тармактын көйгөйлөрүн жон териси менен сезе билген, аны чечүүнүн жолдорунун үстүндө тынымсыз изденип иштеген окумуштуу. Анын мектептеги, илимдеги бай тажрыйбасы эл аралык абройлуу долбоорлорду Кыргызстандын шартында ишке ашырууда зор роль ойноду. У.Мамбетакунов билим берүүнүн стратегиясын, стандарттарын, окуу пландарын, окуу китептерин, ондогон окуу программаларын иштеп чыгууда, изилдөөдө өз салымын кошуп келет. Жаш мугалимдерди, жаш окумуштууларды өстүрүүдө да алардын башын кошуп, алдыга сүрөп, ар кандай түзүлгөн кеңештерин жетектеп, көмөгүн көрсөтүүдөн тайбайт. Ушундан улам жаңы министр жөнөкөй мугалимдердин жана жаш окумуштуулардын да эң жакын адамына, кеңешчисине, устатына айланып, бул чөйрөдө да чоң кадыр-баркка ээ боло алды.

У. Мамбетакунов – Жогорку аттестациялык комиссиянын педагогика боюнча эксперттик комиссиянын орун басары, антиплагият боюнча кеңештин мүчөсү, информатика илимдеринин кандидаты. ЖОЖдордогу, мектептердеги аттестациялык комиссиялардын төрагасы болуп келгендиктен кесиптик билим берүүнүн азыркы милдеттерин жакшы билет. Зирек, алдына көрө билген окумуштуу кечээ эле асмандан түшө калган жок. Ал Москвадагы, Филиппиндеги, Италиядагы, Индиядагы, Кытайдагы, Түркиядагы, Польшадагы дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапта турган университеттерде кесиптик квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп келген. Ал тургай аталган окуу жайлардын айрымдарында лекция окуду, илимий иштерин жүргүздү.

Улан Мамбетакунов – КР Өкмөтүнүн “Алтын дипломунун”, Eвропа илимий өндүрүштүк консорциумунун М.Ломоносов медалынын, “Илимдин мыктысы”, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилеринин, ардак грамоталардын ээси. Кыргыз, орус тилдеринен тышкары англис тилинде эркин сүйлөй билет.

 

БИЛИМ ТАРМАГЫНЫН ЗАМАНБАП АДИСИ

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

КР эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор:

– Уланбек белгилүү педагог илимпоз Эсенбек Мамбетакуновдун уулу. Ал билим берүүнүн күңгөй-тейкейин мыкты билген заманбап адис. Анын окумуштуу, жетекчи катары калыптануусу менин көз алдымда өттү. Уюштуруучулук жөндөмү, жетекчилик таланты бар, лидерлик сапатка эгедер инсан. Кыргыз билим берүү академиясында иштеп турганда билим берүүнүн стандарттарына, окуу пландарын түзүүгө жетекчилик кылган, илимий иштерди мыкты уюштурган, нагыз жетекчилик сапаттарын көрсөткөн.

У.Мамбетакуновдун бир өзгөчөлүгү – ал компьютердик технология боюнча адис, санариптик технологияны жакшы өздөштүргөн кесипкөй окумуштуу. Министр европалык маданиятты да, кыргыз маданиятын да терең билген көп тилдүү инсан. Ошондуктан Улан Мамбетакуновду министрлик милдетти аткарууга толук даяр, татыктуу адис деп эсептейм. Ал чет өлкөлүк долбоорлор менен да көп иштеди. Мектептин, ЖОЖдордун, илимий-педагогиканын көйгөйлөрүн жакшы түшүнөт.

Уланбек дүйнөлүк мейкиндикте болуп жаткан билим берүүдөгү инновациялык өзгөрүүлөрдү кылдат талдап турган, чет өлкөлүк тажрыйбаларды, жергиликтүү билим берүү маселелерин ийне-жибине чейин билген адис. Мына ушундай сапаттары бар болгондуктан бул тармакты жетектеп, ийгиликтерге жетишет деген үмүттөмүн.

 

КӨРӨҢГӨСҮ ДА, ДАРАМЕТИ ДА ЖЕТИШТҮҮ

Алмазбек Токтомаметов,  

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору:

– Улан Мамбетакуновду мурда мен сыртынан гана таанысам, Кыргыз билим берүү академиясына президент болгондо, илимий көрөңгөсү, эл аралык тажрыйбасы бар жаш кадрларды өстүрүү максатында вице-президент кызматына чакырдым эле. Албетте, ал каражат жагынан жоготорун жакшы түшүндүм. Анткени жогорку окуу жайында иштеп, жаш, дараметтүү, англис тилин жакшы билген адис катары эл аралык долбоорлор менен эркин кызматташуу материалдык жагынан алда канча пайдалуу болорун жакшы билет элем. Мен да жаңы гана 33 талапкердин ичинен жеңип чыгып, эл аралык долбоорго өткөн жерден Кыргыз билим берүү академиясына президент болуп келгенимде, 8,6 эсе (% эмес) төмөнкү айлыкка отургам. Улан Эсенбекович да идея үчүн, билим берүүгө кандайдыр бир салымымды кошо алам деген ишенимде келгенин эң жакшы түшүнөм. Мен ротация менен которулуп кеткенге чейин биз бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп иштештик, андан кийин да жакшы кызматташтык.

Бул жылдарда Улан Эсенбекович жаштык жигер, эл аралык тажрыйба менен бирге билим берүү системасында жакшы практикадан өттү, Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты баштаган ченемдик укуктук документтерди, учурда абдан актуалдуу болуп жаткан информатика боюнча предметтик стандартты, окуу программасын, окуу китептерин, окуу материалдарды иштеп чыгууга активдүү катышты.

Министрдин орун басары катары бул иштерди андан ары улантып, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун даярдоого катышып, билимин да, тажрыйбасын да бекемдеди деп айтсак болот.

Мындан эки жарым жылдай мурда мурдагы министрдин демилгеси жана жетекчилиги менен чакан топ Кыргызстанда Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын долбоорун жарым жылдай ишемби, жекшемби күндөрү иштеп чыктык эле. Бул иштер да Улан Эсенбековичтин адистик чеберчилигин, дараметин арттырганга өбөлгө түздү деп ойлойм. Ал документ Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын долбоору учурда иштеп жаткан Кыргыз Республикасында 2021-2040- жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү программасына негиз болуп, андагы бир топ идеялар учурда ишке аша баштады деп айтсак болот. Акыркы кездеги билим берүү жаатындагы реформалар бул жараянды тездетти. Эми билим берүү жаатындагы реформалар мындан ары да жигердүү уланат деп ишенем.

МИНИСТРЛИККЕ ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Салидин Калдыбаев,

Педагогика илимдеринин доктору, профессор

– Уланбек Мамбетакунов КМУну аяктап, окутуучу адистигине ээ болгондон бери педагогдук кесиптин ар тараптуу багыттарында эмгектенип келди. Он жылдан ашык Бишкек шаарынын мектептеринде жана лицейде мугалим болуп иштеп, жөнөкөй мугалимдик кесиптин ички механизмин өздөштүрүп, тажрыйба топтоду. Андан кийин бир катар жогорку окуу жайларында окутуучулук кызматты аркалоо менен катар, билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган бир нече долбоорго дагы катышып, өз тажрыйбасын өркүндөттү. У.Мамбетакунов бир катар эл аралык билим берүү программаларынын стипендиаты. Конок профессор катары, Казак мамлекеттик педагогикалык университетинде, Евразия университетинде, Италиянын Плато университетинде, постдокторлук илимий иштери менен Италиянын Лаквила университетинде маңыздуу лекцияларды окуду. 2011-жылы Фулбрайт программасынын стипендиаты болуп, Индиана штатында илимий иштерин улантты. Улан Эсенбекович окутуучулук, илимий иштер, билим берүү программаларын ишке ашыруу иштери менен кошо жетекчилик кызматтарда дагы бир кыйла тажрыйба топтоду. Билим берүүнүн 2030-жылдарга чейин өнүктүрүүнүн концепциясын жумушчу топ менен кошо иштеп чыкты. Анын эмгектери Кыргызстанда эле эмес, Россия, Казакстан жана башка бир нече өлкөлөрдө жарыяланган. Учурда ал 5 монографиянын, 100дөн ашык илимий макалалардын, мектептик «Физика», «Информатика» окуу китептеринин автору. Уланбек Эсенбекович катардагы мугалимден тажрыйбалуу окумуштуу, дасыккан жетекчи катары калыптанды, билим берүүнүн бардык баскычтарында тажрыйба топтоду. Демек, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине татыктуу жетекчи келди деп айтууга толук негиз бар.

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер