ШАХМАТ 2026–2030: ПРЕЗИДЕНТ УЛУТТУК ПРОГРАММАНЫ БЕКИТТИ
- 23.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Бул маанилүү документ өлкөдө шахмат спортун кеңири жайылтууга жана анын материатык-техникалык, уюштуруучулук базасын чыңдоого багытталган.
Жарлыктын негизги максаттары:
Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана анын массалуулугун камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Калктын бардык категориялары жана топтору арасында шахмат менен машыгуунун массалык формаларын жайылтуу.
Келечектүү спорттук резервди даярдоо.
Кыргызстандык шахматчылардын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана көрсөткүчтөрүн жогорулатуу.
Документке ылайык төмөнкүлөр бекитилди:
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы.
Аталган программаны ишке ашыруу боюнча атайын иш-чаралар планы.
Иш-чаралар планынын бюджети.
Улуттук программанын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүү жана баалоо үчүн индикаторлор матрицасы.
Эске сала кетсек, Президенттин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 Жарлыгы менен шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары расмий түрдө аныкталган. Бул жаңы кадам өлкөдө акыл спортун жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана жаш муундардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө зор өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»