ЖОГОРКУ КЕҢЕШ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 6 МЛН ДОЛЛАРДАН АШЫК КАРАЖАТ БӨЛҮҮНҮ КОЛДОДУ
- 14.05.2026
- 0
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү тармагы үчүн маанилүү болгон мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген бул документ «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоону көздөйт.
Бул чечимдин алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан жалпысынан 6 млн 360 миң АКШ доллары бөлүнөт. Анын 4 млн 360 миңи каржылоо келишими болсо, 2 миллиону гранттык жардам катары берилет.
Долбоор эмнелерди өзгөртөт? Бул каражаттар биринчи кезекте мектепке чейинки билим берүү системасын жакшыртууга багытталат:
- Бала бакчаларды камтуу: Негизги басым бала бакча курагындагы балдарды билим берүү менен көбүрөөк камтууга жасалат.
- Имараттарды жандандыруу: Мурда мамлекетке кайтарылган бала бакчалардын имараттарында капиталдык оңдоо иштери жүрүп, алар заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
- Жаңы механизмдер: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери пилоттук негизде ишке киргизилип, бала бакчаларды ачуунун альтернативдүү жолдору сыналат.
Эске салсак, бул каржылоо боюнча макулдашууларга 2025-жылдын октябрь айында Вашингтондо кол коюлган. Эми мыйзам кабыл алынгандан кийин, аталган каражаттар өлкөдөгү наристелердин билим алуу шарттарын жакшыртууга жумшала баштайт.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”





Комментарийлер