ШКУ: ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРГА ЭСТЕЛИК КААЛОО-ТИЛЕКТЕР КАЛТЫРЫЛДЫ
- 07.07.2026
- 0
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин расмий ачылыш аземинин алдында маанилүү иш-чара өттү.
Кечээ, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана тармактык министрлер Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинде болушту. Алар лагердин катышуучуларына арналган символикалык панного өзүлөрүнүн эстелик каалоо-тилектерин жазып калтырышты.
Бул демилге жаш окумуштууларга көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоонун белгиси болуп калды. Жетекчилер өз куттуктоолорунда жаш илимпоздорго ийгиликтүү кызматташтыкты, жаңы илимий жетишкендиктерди жана эл аралык илимий байланыштардын мындан ары да чыңдалышын каалашты.
Белгилей кетсек, Эл аралык илимий-билим берүү лагери Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»




Комментарийлер