МАНАС ШААРЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИК «АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИ КУРУЛУУДА
- 07.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Манас шаарында заманбап Президенттик «Акылман» лицейинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул масштабдуу долбоорду КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырууда. Жалпы аянты 2,4 гектарды ээлеген комплекстин курулуш-монтаждоо иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарып жатат жана долбоордун жалпы баасы 1,5 миллиард сомдон ашат.
Долбоорго ылайык, бул жерде 360 окуучуга ылайыкталган 3 кабаттуу заманбап окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү 5 кабаттуу турак жай курулат. Жаңы окуу корпусунда заманбап үлгүдөгү класстык бөлмөлөр, узундугу 25 метрлик сууда сүзүүчү бассейн жана акыркы талаптарга жооп берген спорттук зал орун алат. Мындан сырткары, лицейдин аймагында эл аралык стандарттарга төп келген стадион, жеңил атлетика үчүн атайын чуркоо жолдору салынып, аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери кошо аткарылат.
Асел кенжебек кызы, «Кут Билим»


Комментарийлер