ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЖОЖДОРДО 75 ОРУН БӨЛҮНДҮ

  • 07.07.2026
  • 0

2026–2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык уюштурулган бул сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан, Пакистан жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар катыша алышат. Быйыл чет өлкөлүк мекендештерди акысыз окутуу үчүн жалпысынан 75 квота бөлүндү.ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЖОЖДОРДО 75 ОРУН БӨЛҮНДҮТалапкерлер 2026-жылдын 1-августу саат 23:59га чейин student.edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу катталып, тиешелүү документтерди жүктөшү зарыл. Документтер толук эмес жүктөлгөн учурда арыздар автоматтык түрдө четке кагыларын уюштуруучулар эскертет.

Конкурстук тандоо компьютердик же бланктык тестирлөө форматында үстүбүздөгү жылдын 11–13-август күндөрү өткөрүлөт. Тесттин так күнү, убактысы жана өтүүчү орду тууралуу маалымат талапкерлердин жеке кабинетине жөнөтүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн +996 (312) 68-04-71, +996 (551) 44-80-11 телефондору же [email protected] электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер