КАРА-СУУНУН АК-КОЛОТ АЙЫЛЫНДА 150 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
- 07.07.2026
- 0
Кара-Суу районунун Ак-Колот айылында заманбап үлгүдөгү 150 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, аталган билим берүү объектиси республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жаңы мектептин курулушуна каралган тендердик баа 119 миллион сомду түзөт
Долбоорго ылайык, билим уясы үч блоктон туруп, анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 1085 чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары, мектептин короосунда окуучулардын дене тарбиясы жана спорт менен машыгуусу үчүн волейбол, баскетбол жана футбол ойноочу ачык спорт аянтчалары да курулат.
Асел Кенжебек кызы «Кут Билим»
Бөлүшүү


Комментарийлер