ЖОЖ ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРГЕ ТАПШЫРУУ: БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БОСОГО БАЛЛДАРЫ БЕКИТИЛДИ

  • 03.07.2026
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллдарын жарыялады. Бул баллдар — ЖОЖдор менен колледждердин гранттык же контракттык орундарына тапшыруу үчүн зарыл болгон эң төмөнкү чеги. Башкача айтканда, упайы аталган босогого жетпеген абитуриенттер сынакка катыша алышпайт.

Жаңы окуу жылына карата коюлган талаптар төмөндөгүдөй:

  1. Жогорку окуу жайлары (ЖОЖ)

Көпчүлүк кесиптер үчүн негизги тесттин босогосу өзгөрүүсүз — 110 балл. Бирок, айрым багыттар боюнча талаптар башкача:

  • Педагогика: грантка — 130, контрактка — 115 балл.
  • Медицина (Саламаттык сактоо): грантка — 120, контрактка — 110 балл.
  • Айыл чарбасы: 100 балл.
  • Аскердик багыттар: 90 балл.

Предметтик тесттер: Англис тили, химия, биология, физика, тарых, математика, кыргыз жана орус тилдери боюнча минималдуу чеги — 60 балл.

  1. Орто кесиптик окуу жайлары (Колледждер)

Колледждерге тапшырууда негизги тесттин босого баллы — 90 балл. Өзгөчөлүктөр:

  • Педагогика жана медицина: грантка — 95, контрактка — 90 балл.
  • Айыл чарба адистиктери: 80 балл.

Предметтик тесттер: Колледждер үчүн предметтик тесттин босого баллы — 40 балл.

Жеңилдиктер кимдерге берилет?

I жана II топтогу майыптыгы бар жарандар, бала кезинен майыптыгы барлар, жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн өзүнчө босого баллдар каралган (бул медицина жана фармация багыттарына тиешелүү эмес):

  • ЖОЖдорго тапшырууда: 90 балл;
  • Колледждерге тапшырууда: 70 балл.

Министрликтин сунушу:

Урматтуу абитуриенттер, кабыл алуу өнөктүгү башталганга чейин өзүңүз тандаган кесиптин шарттары жана босого баллдары менен кылдат таанышып чыгууну сунуштайбыз. Баарыңыздарга ийгилик!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер