ЖК ТӨРАГАСЫ ЫМУДА

  • 15.05.2023
  • 0

Ысык-Көл мамлекеттик университетинине Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутаттарАкылбек Түмөнбаев, Бахридин Шабазов, Арсланбек Малиев, Жаныбек Кыдыкбаев, Максатбек Сарбагышев жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу иш сапары менен барды.

ЖК ТӨРАГАСЫ ЫМУДА

Иш сапардын алкагында коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу жайдагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшүнө күбө болушту. Ошондой эле окутуучулар жамааты менен баарлашып, ардактуу коноктор китебине каалоо-тилектерин калтырышты. Окутуучулар университеттин имаратын оңдоп-түзөөгө керектүү каражатты бөлүп берүү маселесин көтөрүштү. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз элинин татыктуу уулу Касым Тыныстановдун сыймыктуу ысымын алып жүргөн университетте өлкөнүн алдыңкы адистеринин көбү билим алышканын белгилеп, акыркы жылдарды өз күчүнө гана таянып өнүгүп жаткан билим берүү мекемесине тийиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып, өз фондунан заманбап компьютерлерди белекке берүүнү убадалады. Ал эми депутат Арсланбек Малиев бир окутуучу жана бир студентке стипендия берип турарын айтты. Андан тышкары, депутаттар университеттин имараттарын оңдоп-түзөөгө керектүү каражат бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү убадалашты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер