ЖК ТӨРАГАСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКСЫДА

  • 11.11.2022
  • 0

ЖК ТӨРАГАСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКСЫДА

КР ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы бир нече мектептердин курулуш иштерин көрүп чыкты.

Дардак-Дөбө айылындагы мектептин пайдубалы быйыл эле түптөлүп, 93 млн сомдук жаңы имараттын курулушу аяктоо алдында турат. Ал эми Чат айылында курулуп жаткан 150 орундуу К.Кулназаров атындагы мектептин имараты жана спорт залынын курулушуна 45 млн сомго жакын каражат каралган. 2018-жылы курулуп баштап, токтоп калган мектептин курулушун ЖК төрагасы өз көзөмөлүнө алып, быйыл минтип кайрадан жандандырылып олтурат.

ЖК ТӨРАГАСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКСЫДА

— Акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мектеп бала бакчалар арбын салынууда. Мугалимдердин да айлык маянасы жогорулап, агартуучуларды колдогон жана балдардын сапаттуу мыкты билим алышына багытталган алгылыктуу иштер аткарыла баштады, — деди Н.Шакиев айыл эли менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө.

ЖК ТӨРАГАСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКСЫДА

Социалдык обьектилердин курулуш сапатына өзгөчө көңүл буруп, Мукур айылына салынып жаткан мектептин чатырын тез арада жабуу керектигин белгилеген ЖК төрагасы, өзү менен кошо барган ЖК депутаттарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик өкүлдөрүнө ички жолдорду жаңылоо, калкты таза суу менен камсыздоо сыяктуу башка дагы социалдык маселелерди кечиктирбей чечүү жолдорун караштырууну сунуштады.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер