ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ТУУРА-СУУДАГЫ АВАРИЯЛЫК МЕКТЕПТИН АБАЛЫН КӨРҮП ЧЫГЫШТЫ

  • 18.05.2026
  • 0

17-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар билим берүү мекемелерин кыдырышты.ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ТУУРА-СУУДАГЫ АВАРИЯЛЫК МЕКТЕПТИН АБАЛЫН КӨРҮП ЧЫГЫШТЫ

Сапардын жүрүшүндө делегация Тоң районундагы Туура-Суу айылында жайгашкан К.Тайлаков атындагы мектептин абалы менен жеринен таанышты. Авариялык абалда турган билим берүү мекемесинин көйгөйлөрү жеринде талкууланып, эски корпусту жаңылоо маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу да көрүлдү.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мектептин мугалимдери менен жолугуп, окуу класстарын кыдырып чыкты. Маалыматка ылайык, мектеп эки корпустан турат. Алардын бири 1919-жылы салынган. Учурда бул имараттын абалы кооптуу деп бааланып, аны бузуп, ордуна жаңы мектеп куруу зарылдыгы айтылды.

Иш сапарынын алкагында депутаттар менен министр Ак-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары менен дагы жолугушту. Анда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, жетишкендиктер жана жергиликтүү элди түйшөлткөн маселелер тууралуу пикир алмашуу болду.

Жолугушууга катышкан мугалимдер акыркы жылдары айлык маянанын көбөйүшү билим берүү сапатына оң таасирин тийгизип жатканын белгилешип, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазычылык билдиришти.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер