ЖК депутаттары алдыңкы мугалимдерге сый-урмат көрсөтүштү

  • 16.10.2026

15-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Талайбек Масабиров, Мавлюда Калбердиева, Гүлжан Сатиева жана Табылды Муратбеков билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

ЖК депутаттары алдыңкы мугалимдерге сый-урмат көрсөтүштү

Депутат Гүлкан Молдобекованын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага Түп, Ысык-Көл, Ак-Суу жана Талас райондорунан, ошондой эле Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынан келген мугалимдер катышты.

Эл өкүлдөрү агартуучуларды өтүп кеткен кесиптик майрамы менен куттуктап, алар менен билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча ой бөлүштү.

Ошондой эле мугалимдерге келечек муундун интеллектуалдык, руханий жана таалим-тарбиялык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы, агартуу тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.

ЖК депутаттары алдыңкы мугалимдерге сый-урмат көрсөтүштү

Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн тиешелүү кызматкерлер Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты.

Депутат Гүлкан Молдобекова мугалимдерге чың ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалап, ардактуу кесиптин ээлери катары коомдун өнүгүшүнө салым кошууну уланта беришерине тилектештигин билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Бөлүшүү