ЖИГЕРДҮҮ ИШТӨӨ МЕНЕН МАДАНИЯТТУУ ЭС АЛУУ

  • 27.01.2021
  • 0

Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу боюнча Ош шаарындагы мугалимдерден куралган чыгармачыл топ жаңыдан эле түзүлгөндөй болгону менен көптөгөн иш-аракеттерди көрүп келишет. Соңку 2-3 жылдын ичинде бул топ бир катар окууларды уюштуруп, өздөрү да республикалык, эл аралык деңгээлдеги түрдүү окуу жана башка иш-чараларга жигердүү катышышты. Муну менен катар мектептик медиа борборлорду түзүшүп, социалдык желелерде байма-бай жарыялап келишет.

ЖИГЕРДҮҮ ИШТӨӨ МЕНЕН МАДАНИЯТТУУ ЭС АЛУУ

Келечек муундарга заманбап шартты эске алуу менен туура жол көрсөтүп,  окуу менен тарбияны айкалыштырып иштеп келген бул мугалимдердин эс алууну да салтка айландырышкан. Башкача айтканда, Ош шаарынын ичинде белгилүү даталарда майрамдык иш-чара уюштурушуп, мезгил-мезгили менен табият койнуна да эс алууга чыгышат. Ошол иш-чараларга ылайык бул жолу Алай жергесиндеги Чыйырчык кышкы эс алуучу жаратылыш коюнунда маданияттуу эс алууга жетишишти. Бул жөнүндө маалымат берген Тынчтыкбек Досмуратов мындай эс алуулар мугалимдердин чыгармачылык ийгилигине дагы да таасирин тийгизет деген ишеничте.

Маалыматка ылайык, бул жолку эс алууну чыгармачыл топтун ичиндеги алайлык мугалимдер уюштуруп, медиа жана маалыматтык сабаттуулукка байланыштуу кызыктуу программалар менен коштолгон. Тактап айтканда, табият койнунда фотого түшүү учурунда туура сүрөткө тартуу, аны туура монтаждоо жана сториске жайгаштыруунун таасирдүү ыкмаларын бөлүшүштү.

Учурда, жумуш менен эс алууну айкалыштыра алып кеткен бул чыгармачыл топ жаз айларында Баткендин Айгүл-Тоосуна барууну пландап жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер