ЖЕЗКЕН ФИЛИАЛЫН БЕШ БҮТҮРҮҮЧҮ АЯКТАДЫ
- 26.05.2021
- 0
Лейлек районунун Жезкен айылында элүү беш түтүн бар.
Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине караштуу Жезкен филиалында 82 (сексен эки) окуучу окуйт.
Аларга он мугалим билим берет. Бул билимканада эмгектенген агай-эжейлер кырк эки жылдык эмгек стажы бар Койдумурат Паттаев аттуу устаттан кеп-кеңештерди, алтынга тете нускоолорду угуп турушат.
Үстүбүздөгү 2020-2021-окуу жылында аталган филиалды беш бүтүрүүчү аяктады. Кичинекей айылдын билим уясынан канат күүлөгөн карлыгачтарга ак жол каалайбыз!
Тайир Аширбай , Лейлек району
Бөлүшүү
Комментарийлер