ЖЕТИ ЖЕҢҮҮЧҮНҮ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕГЕН МУГАЛИМ
- 29.10.2026
- 0
Ушул тапта Лейлек районундагы «Ак-Суу» жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими Зикирилла Асанбаевдин кубанычы койнуна батпай турган кези.
Анткени Зикирлла агайдын Асема Абдиназарова, Хушнудбек Махмадалиев, Алтынай Амиракулова, Рызвангүл Төрөбаева, Парвоз Бахтияров, Шодиёна Зарифжонова жана Ёкутбек Абдукодиров аттуу окуучулары «Манас оюндары» спорттук мелдешинин райондук турунда тогуз коргол оюну боюнча биринчи орунду ээлешти.
Жети окуучусу жеңүүчү болгон Зикирилла Асанбаев кыргыз элинин улуттук спорт оюндарын мектепте даңазалап келет.
Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району