«ЖЕТИ ЭЛДИН ТИЛИН БИЛ, ЖЕТИ ТҮРДҮҮ ИЛИМ БИЛ!»

  • 22.02.2023
  • 0

 

"ЖЕТИ ЭЛДИН ТИЛИН БИЛ, ЖЕТИ ТҮРДҮҮ ИЛИМ БИЛ!"

Ушундай аталыштагы аттуу интеллектуалдык акыл таймашы 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Оштогу А.Новои атындагы мектеп лицейинде болуп өттү.

Сынакка жалпы шаардык 40 мектеп катышты. Таймаш 4-айлампадан туруп, жалпысынан 10 команда финалдык баскычка өттү. Жыйынтыгында 1-орунду 36 балл менен №27 мектеп, 2-орунду 35 балл менен №52 мектеп, 3-орунду 34 балл менен «Олимп» мектеби ээледи.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Узакбай Абдыкайымовдун китептери, даярдап келген мугалимдерине Сухомлинскийдин «Уулума кат» китеби, Ардак грамоталар, Ыраазычылык баракчалар, «Сынак» билим берүү мекемеси тарабынан ЖРТ курсуна 100%, 70%, 60%, 50%, 40%, 30% акысыз окууга, жалпы 120 катышуучуга 10% тил курстарына арзандаттуулар берилди.

Биринчи жолу өткөрүлгөн «Акыл таймаш» мектеп окуучуларына жана мугалимдерге жаккандыгын билдиришти.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы окуучуларга дагы да таймаштарды уюштурууну колго алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер