ЖЕКЕ ЖАКТАРГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ
- 02.10.2025
- 0
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеке жактарга жеңилдетилген кредит берүүнүн экинчи этабы башталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №594 токтому менен “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит-2” долбоору бекитилди.
Долбоор мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздигин жоюу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатын көздөйт. Долбоордун экинчи этабы боюнча жеңилдетилген кредиттер жеке жактарга 2025-жылдын декабрына чейин берилет.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нураида Доранбекованын айтымында, жеңилдетилген кредит алуу үчүн талапкерлер алгач Агартуу министрлигинин комиссиясынан өтүү керек.
— Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеке жактарга жеңилдетилген кредит берүүнүн экинчи этабы башталды. Жеңилдетилген кредит алууну каалаган жарандар Агартуу министрлигинин комиссиясынан өтүү керек. Ал үчүн Агартуу министрлигине тиешелүү документтерди тапшыруу зарыл. Керектүү документтер кабыл алынган соң, экинчи этабында “Элдик Банктын” жана “Айыл Банктын” комиссиясынан өтүүгө тийиш, — дейт.
Жеке менчик бала бакча ачууну каалаган жеке жарандар министрдин атына арыз жазып, мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин жана балдарга түзүлгөн шарттарын чагылдырган бизнес-планын түзүп келиши керек. Ошондой эле долбоордук-сметалык документтер да талап кылынат.
Жеңилдетилген кредит алууну каалагандар арыздарын министрликке тапшырса же [email protected] электрондук почта дарегине жөнөтсө болот.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому менен долбоордун биринчи бөлүгү бекитилген. Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк”, “Элдик Банк”, “Керемет Банк” ачык акционердик коомдору катышкан, алардан алты субъектке 17,0 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Учурда долбоордун алкагында республика боюнча төрт мектепке чейинки билим берүү уюму ачылып 156 бала менен иштеп жатышат.

Ошол төрт жеке ишкердин бири — Попенова Айзада Асылбековна. Ал азыр өзү ачкан “Билим Тай” бала бакчасынын жетекчиси. 20 жылдык тажрыйбалуу тарбиячы катары өкмөттүк акселераторлор долбоорунун алкагында окуудан өтүп сертификатка ээ болгон.
— Мен алгач жеке ишкер катары катталып, өз ишмердүүлүгүмдү 2023-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда үй тибиндеги бала бакча ачуу менен баштагам. “Билим Тай” деп аталган бала бакчабыз 25-30 орундуу. Бардык талаптарга жооп берет. Бөбөктөргө татыктуу тарбия, талаптагыдай билим берүү үчүн бардык шарттарды түзүп алганбыз. Ата-энелерибиз ыраазы. Тез эле ийгиликтерге жетишип, эл оозуна алынып калган себебинин бири ушул деп ойлойм. Анткени ата-энелер балдарына түзүлгөн шарттарды көрүп ыраазы болсо, бизге да жакшы маанай түзүлүп, андан да жакшы аракеттерди көрүүгө умтулабыз. Биздин бала бакчадагы тарбиялоо, билим берүүнүн мазмуну коомдун талабына шайкеш келет. Тарбиячыларыбыз бир нече сабактарды байланыштырып өтүшөт, — дейт.
Айзада Попенова мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген 20 жылдык тажрыйбалуу тарбиячы катары бала бакчанын ишин ичинен билет. Балдар менен иштеп, кичинекейлердин жан дүйнөсүнө аралашкандан ырахат алган адис, болочокто өз алдынча бала бакча ачууну кыялданып жүргөнүн айтып өттү.

— Балдардын дүйнөсү мага аябай жакын, тарбиячы болуп иштеп жүргөндө жеке менчик бала бакча ачып иштесем деп кыялданчу элем. Бирок документтердин көптүгүнөн баштоого батына албай, жол-жобосун билчү эмесмин. Анан өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында жеке менчик бала бакча ачуу мүмкүнчүлүгүн ачкан жарыяларды окуп, окуусуна катыштым. Натыйжада сертификатка ээ болуп, өзүбүз жашаган үйүбүздү менчик бала бакча кылып ачтым. Бир жылга жетпей натыйжалары көрүнө баштады. Массалык маалымат каражаттары аркылуу жасап жаткан иштерибиз элге тарады. Агартуу министрлигинин сунушу менен үлгүлүү бала бакча катары “ЭлТР” жана “Ала-Тоо-24” телекөрсөтүүсүнө тартылдык. Ушунун баары бизге жакшы стимул болду. Министрликтен өкмөт тарабынан менчик бала бакча курууга, оңдоп-түзөөгө жеңилдетилген насыялар берилип жатканын угуп, бизнесибизди кеңейтүү максатында долбоор жаздым. Себеби мен туулуп-өскөн Москва районундагы Темен-Суу айылында бир да бала бакча жок, айылдаштарымдын баары балдарын Беловодскийге ташып жүрчү, ал эми ташый албагандарынын балдары үй шартында гана тарбияланып келген. Биздин ал жакта жеке менчик жер тилкебиз бар болгондуктан, жергиликтүү калктын жеке менчик бала бакча ачуу жөнүндөгү өтүнүчүн эске алып, бала бакча ачууга бел байладык. Натыйжада жеңилдетилген насыя алуу боюнча жазган долбоорум комиссиянын отурумунда жактырылып, Беловодскийдеги Айыл-Банкынан 3 млн сомдун тегерегинде насыя алдым. Пайдубалы, чатыры туруп калган жалпы аянты 350 кв метр имаратты ички жабдуулары, эмеректери, окуу куралдары менен жабдып, былтыр бала бакча ачтык. Азыркы учурда ийгиликтүү иштеп жатат, расмий ачылышына даярданып жатабыз, — деп бизге жетишкен ийгиликтери жөнүндө кеңири айтып берди.

Айзада айым жеңилдетилген насыянын экинчи этабы башталганы жөнүндө угуп, Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушундагы бала бакчаны кеңейтсекпи деген ойдот. Анткени логопед кызматын көрсөткөн бала бакчага баруучу балдардын саны улам көбөйүүдө. Ал азыр сүйлөө речи кечеңдеген балдардын саны көбөйүп жатканын кейүү менен белгилеп өттү.
— Биздин көрсөткөн кызматыбыз балдардын сүйлөө речин машыктырып, адаптациялап, коомго кошуу. Биринчи максатым – сүйлөө речи кечеңдеп жаткан балдарга көмөктөшүү, социалдаштыруу. Мен өзүм үч жогорку кесиптин ээсимин. Мен ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүп, алар менен тыгыз иштешүү үчүн быйыл дагы логопедия тармагы боюнча жогорку окуу жайга өттүм. Өзүбүзгө жүктөлгөн жоопкерчиликти, талапты туура сезип, ошого жараша окутуу ыкмаларын мындан да мыкты өздөштүрүүгө аракеттенүүдөбүз. Ошондуктан имаратыбызды кеңейтели деген максатта экинчи этабына катышууну чечтим, азыр бизнес план жазып жатам, — деди ал.
Ал өзүнө окшогон жаңы баштаган жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар абдан ыңгайлуу экендигин, мамлекет башчысынын колдоосу менен ишке ашып жаткан өкмөттүк акселераторлор программасы жеке ишкерлерге жакшы колдоо көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирди.
— Мен өнүгүп келаткан мамлекетибиздин келечеги болгон балдарыбызды тарбиялоого кичине болсо да салымымды кошуп жатканыма ыраазымын. Бала бакчабызда балдарды тарбиялоого жана багууга керектүү шарттардын баары бар, баардыгы мыйзам чегинде. Мектепке чейинки билим берүү – билим берүүнүн пайдубалы деп билем. Бизде логопедиядан тышкары, кыргыздын үрп-адаттарын, баалуулуктарын сактоого, балдарды ошол нукта тарбиялоого аракеттенебиз. Балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү, жомок айтуу аркылуу баланын жан дүйнөсүн байыта алабыз деп ишенемин, — дейт Айзада Попенова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”





Комментарийлер