ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДИ ТЕКШЕРҮҮГӨ МОРАТОРИЙ: ЛИЦЕНЗИЯ ТАЛАПТАРЫ КҮЧҮНДӨ КАЛАТ

  • 15.04.2026
  • 0

15-апрелде агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышкан онлайн жыйында жеке менчик мектептерди текшерүү үчүн киргизилген мораторий жана лицензиялоо талаптары талкууланды. Жыйынга өлкө боюнча 100дөн ашуун жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДИ ТЕКШЕРҮҮГӨ МОРАТОРИЙ: ЛИЦЕНЗИЯ ТАЛАПТАРЫ КҮЧҮНДӨ КАЛАТ

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Альберт Махметкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы Жарлыгына ылайык, ишкердик субъекттерине карата мамлекеттик текшерүүлөр убактылуу токтотулганын маалымдады. Ага ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин контролдоочу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө чектөө киргизилген.

Ошол эле учурда ал жеке менчик мектептерге текшерүүлөр расмий арыздардын негизинде же мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда гана жүргүзүлөрүн белгиледи.

Онлайн жыйында министрликтин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова “Жеке менчик мектептерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу маселелери” аттуу баяндама жасап, мораторий шарттары боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, мораторий мезгилинде министрлик тарабынан консультациялык жана түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул чаралар билим берүү мекемелерине мыйзам талаптарын сактоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга жана ишмердүүлүктү жакшыртууга жардам берет.

Бактыгүл Акулова жеке менчик мектептер билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тиешелүү лицензияны милдеттүү түрдө алышы керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, мораторий лицензиялык талаптарды жокко чыгарбайт жана жоопкерчиликти жеңилдетпейт.

Маалыматка ылайык, мораторий күчүнө киргенден бери Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде 30дан ашуун жеке менчик мектеп текшерилген. Натыйжада айрым мекемелерге эскертүүлөр берилсе, кээ бирлерине айып пул салынган.

Мындан тышкары, жыйында “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасынын учурдагы абалы талкууланып, билим берүү уюмдарын верификациялоо ишин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер