ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕП  2300 ОКУУЧУНУ КАНТИП «ОКУТКАН»?

  • 07.08.2026
  • 0

Мектептерди лицензиялоо, көмүскө бизнес жана ата-энелер үчүн эскертме

ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕП  2300 ОКУУЧУНУ КАНТИП «ОКУТКАН»?Ош облусундагы «Жаңы Билим» билим берүү комплексинин айланасындагы чуулуу окуя коомчулукта чоң талкуу жаратты. Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин документтериндеги жана иш жүзүндөгү абалында асман менен жердей айырма бар экени, ал тургай миңдеген окуучулар мыйзамсыз катталганы ачыкка чыкты.

Жеке менчик мектептерде эмнелер болуп жатат? Министрлик аларды кантип көзөмөлдөйт жана эң башкысы — ата-энелер балдарын мектепке берерде алданып калбашы үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек? Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл АКУЛОВА менен маектештик.

 

Бактыгүл Темирбековна, акыркы күндөрү Оштогу «Жаңы Билим» билим берүү комплексине байланыштуу ызы-чуу коомчулуктун көңүлүн бурду. Министрлик текшерүү жүргүзгөндө кайсы так фактылар ортого чыкты? Бул мекеменин лицензиясын токтотууга эмне түрткү болду?

— Билим берүү тармагы – эң биринчи кезекте балдардын коопсуздугу, келечеги жана мамлекеттик стандартка ылайык билим алуусу камсыз кылына турган жоопкерчиликтүү тармак. Мен жообумду лицензиялоо менен байланышкан маселелер тармагында гана жүргүзмөкчүмүн.

«Жаңы Билим» комплексине токтолсок, Министрлик 2026-жылдын 27-апрелинде №565/1 буйругу менен бул мекемеге күндүзгү окутуу формасы боюнча болгону 100 окуучуга гана лицензия берген. Бул мектепке сырттан (заочно) окутууга эч качан уруксат берилген эмес. Ал тургай, өздөрү да сырттан окутуу боюнча лицензия алууга 2025-2026-окуу жылында бизге кайрылышкан эмес.

Аталган мекемедеги мыйзам бузуулар боюнча расмий кайрылуу келип түшкөндөн кийин комплекстүү текшерүү жүргүздүк. Жыйынтыгында төмөнкүдөй олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды:

  • Документтеги калп маалымат: Документ лицензия алуу үчүн тапшырганда 10 окуу кабинети, спорт залы, ашкана, китепкана жана медкабинетибиз бар деп көрсөтүшкөн. А жеринде комиссия барып көргөндө, болгону 5 эле окуу кабинети бар экен. Атайын лабораториялар да, китепкана да жок болуп чыкты.
  • Сырттан окутууну мыйзамсыз уюштуруу: Мектеп 100 эле окуучу окутам деп арыз бергенине карабастан, ички буйругу менен 1 000 окуучу кабыл алып, ал эми «Э-Күндөлүк» системасына 2 371 окуучуну киргизип жиберген. Эң башкысы – окуу жылы аяктап жатканда (27-апрелде) күндүзгү окутууга лицензия алган.  Ал эми сырттан окутууга эч кандай укугу жок (лицензиясыз) туруп 2000ден ашык окуучуну сырттан жыл бою окутушкан..
  • Билим берүү стандартынын бузулушу: Информатика, биология, диндердин тарыхы сыяктуу милдеттүү сабактар расписаниеге да киргизилген эмес. Айрым сабактар боюнча окуу жүктөмү расписание базистик окуу планынын нормасынан ашыкча коюлган. Журналдары талапка жооп бербейт, бирок окутулбаган (расписаниеге киргизилбеген) сабактар боюнча окуучулардын өздүк делолоруна жылдык баалар коюлуп калган.
  • Эмгек мыйзамдарынын бузулушу: Штатта турат деген мугалимдердин көбү башка муниципалдык мектептердин негизги кызматкерлери болуп чыкты. Айрымдары менен эмгек келишими да түзүлбөптүр.

Ушул жагдайлардан улам, Министрликтин 2026-жылдын 28-майындагы №728/1 буйругу менен аталган мекеменин күндүзгү окуу түрүнө берилген №LM-2026-0106 лицензиясынын колдонулушу токтотулду. Бул чечим «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамынын жана Министрлер Кабинетинин «Билим берүү ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобосунун негизинде кабыл алынды.

Аталган мектептин лицензиясы биротоло токтотулдубу же убактылуубу? Каталарын оңдоп алышына мүмкүнчүлүк берилдиби?

— Биз үчүн укуктук калыстык жана балдардын кызыкчылыгы дайыма башкы орунда турат. Лицензия алуу үчүн калп маалыматтар берилген учурда лицензияны колдонууну токтото туруу нормасы мыйзамда каралган, аны дароо жокко чыгарууга мүмкүн эмес, жокко чыгаруу сот аркылуу гана ишке ашат.

Министрлик мектеп жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди калыбына келтирүү үчүн  мыйзам чегинде 90 календардык күн берди. Алар 2026-жылдын 3-сентябрына чейин бардык мүчүлүштүктөрдү жоопко шайкеш келтирип, тиешелүү далилдерин көрсөтүшү керек.

Эгерде белгиленген мөөнөттө нормага келтирилбесе, анда сот органдары тарабынан лицензияны жокко чыгаруу механизми ишке киргизилет.

Түшүнүктүү. Жалпысынан Министрлик жеке менчик мектептерди текшерүүдө кандай укуктарга ээ? Текшерүүлөргө киргизилген мораторий же ишкердикти коргой турган мыйзамдар контролдоо иштерине бут тоспойбу?

— Биз билим берүүдөгү жеке демилгелерди дайыма колдойбуз. Мораторийдин негизги максаты – ишкерлерди негизсиз басымдан коргоо.

Бирок билим берүү – бул адамдын өмүрү, саламаттыгы жана коопсуздугу менен түз байланышкан өзгөчө тармак. Президенттин 2026-жылдын 14-мартындагы №113 Жарлыгында да мораторий колдонулбай турган өзгөчө учурлар даана көрсөтүлгөн:

  1. Жарандардан же юридикалык жактардан расмий кайрылуу түшкөндө;
  2. Мыйзам бузуу фактылары ырасталганда.

Демек, Министрлик жеке мектептерди жөн жерден эле текшере бербейт. Текшерүүлөр бекитилган жылдык план боюнча же жогорудагыдай мыйзамдуу негиздер пайда болгондо гана жүргүзүлөт.

Акыркы жылдары лицензиялоо процессинде кандай өзгөрүүлөр болду? Жалпы республика боюнча жеке мектептердин абалы кандай?

— Акыркы кезде абдан чоң реформалар өттү. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы №741 токтомунун негизинде лицензия алуу жараяны толугу менен санариптештирилди. Бул ачыктыкты камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди кескин азайтты.

Бүгүнкү күндө өлкөдө жеке менчик мектептердин саны тездик менен өсүүдө. Маселен, Бишкек шаарында – 127, Ош шаарында – 79, ал эми аймактарда – 140ка жуук жеке мектеп иш алып барууда. Ишкерлердин билим берүүгө инвестиция салып жатканы кубандырат, бирок сан менен бирге сапат жана мыйзамдуулук да катар жүрүшү шарт.

Жаңы окуу жылы жакындап калды. Ата-энелер кийин өкүнүп калбашы үчүн балдарын жеке менчик мектептерге берүүдө эмнелерге көңүл бурушу керек? Кандай конкреттүү сунуштарыңыз бар?

— Бул – ар бир ата-эне үчүн эң жоопкерчиликтүү учур. Балдарыбыздын келечеги жана алган аттестаты мыйзамдуу болушу үчүн ата-энелерге 4 маанилүү кадамды сунуштайм:

  1. Лицензиясын жана анын түрүн тактаңыздар: Мектепке бараардан мурда лицензиясын сураңыз. Эң башкысы – эгер мектеп күндүзгү окутууга лицензия алган болсо, ал документ сырттан (заочно) же экстернат катары окутууга ЖАРАБАЙТ. Сиз тандаган окутуу формасына өзүнчө уруксаты барбы, тактаңыз.
  2. Онлайн-реестрден текшериңиз: Агартуу министрлигинин license.edu.gov.kg порталы аркылуу мектептин лицензиясынын бар-жогун, мөөнөтүн жана кайсы окутуу формасына берилгенин тез эле текшерип алсаңыз болот.
  3. Келишимди кунт коюп окуңуздар: Акча төлөөдөн мурда келишим менен жакшылап таанышыңыз. Мекеме Сиздерге лицензияны көрсөтүүгө милдеттүү. «Документ тапшырып койдук, жакында берилет» же «Жыл ичинде алып калабыз» деген сөздөргө ишенип, лицензиясы жок мектепке баланы бере көрбөңүздөр. Граждандык кодекске ылайык, окутуу иштери лицензия колго тийгенден кийин гана башталышы керек. Лицензиясы жок мектеп балаңызды «Э-Күндөлүк» системасына киргизе албайт.
  4. Күмөн санасаңыз, билим берүү бөлүмүнө кайрылыңыздар: Кандайдыр бир күмөндүү жагдайлар болсо, жергиликтүү райондук билим берүү бөлүмдөрүнө же Министрликтин расмий каналдары («Түндүк» системасы же сайт) аркылуу кайрылып, дароо тактап алыңыздар.

Биздин башкы максат – кимдир бирөөгө бөгөт коюу эмес, балдарыбыздын сапаттуу, коопсуз жана мыйзамдуу билим алуусун биргеликте камсыз кылуу.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер