ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО ЖАНА АКСАКАЛДАР СОТУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 04.05.2023
  • 0

Бүгүн 4-майда Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Инновациялык борборунда “Журналисттер үчүн жеке маалыматтарды коргоо жана аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүү” боюнча тренинг болуп өттү.

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО ЖАНА АКСАКАЛДАР СОТУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Тренингте эксперттер Назира Касиева, Наталья Аленкина жана Нуржан Эстебесова региондордогу аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү, азыркы учурдагы коомдогу орду, актуалдуулугу тууралуу баяндамаларды жазашты.

Ошондой эле эксперт-тренер Сүйүндүк уулу Данияр  “Жеке маалыматтарды коргоо жана социалдык тармактарды коопсуз башкаруу” боюнча практикалык баяндама жазап, катышуучуларга пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү. Иш-чарага массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү катышып, суроо-жооптор менен коштолду.

Аталган тренинг Роза Отунбаеванын “Демилге” фонду тарабынан каржыланып өткөрүлдү.

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО ЖАНА АКСАКАЛДАР СОТУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер