ЖЕКЕ ИШКЕР МЕКТЕП КУРУП БЕРДИ

  • 23.01.2020
  • 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участогуна Россияда эмгектенген ишкер Кубатбек Досматов каржылык колдоо көрсөтүп, эки кабаттуу мектеп куруп берди. Жаңы мектепти курууга алты миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Анын 200 миң сому айыл өкмөт тарабынан берилгенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

ЖЕКЕ ИШКЕР МЕКТЕП КУРУП БЕРДИ

180 орунга ылайыкталган окуу жайдын курулуш иштери 2019-жылдын жай айларында башталган. Мектептин имаратын тургузууга Арстанбап айылынын тургуну  Кубатбек Досматов каржылык колдоо көрсөткөн. Ал эми устачылык иштерине жергиликтүү тургундар тартылган. Мындай жөрөлгө колунда бар ишкерлерге үлгү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер