ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭКИ ОНЛАЙН-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 15.05.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эки онлайн-сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Окуучулардын чыгармачылык топтору, студиялар “Сейтек” борборунун секцияларындагы окуучулар арасында “Мен Жеңишти тартамын” деген онлайн сүрөт конкурсу болуп өткөн.

Сынакка 165 автордон 191 эмгек келип түштү. Иш чарага “Улыбка” ансамблинин тарбиялануучулары активдүү катышты.

Сүрөттөр аткаруу чеберчилиги, сынактын темасын ачып берүү, оригиналдуулук жана сүрөттүн сапаты сыяктуу критерийлер менен бааланды.

Жеңүүчүлөр жаш курагына карап 3 категория боюнча аныкталды:ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭКИ ОНЛАЙН-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫБиринчи категориянын жеңүүчүлөрү: (7 жашка чейин)

1-орун – Джунусов Алишер («Чжун дао» ушу мектеби)

2-орун – Бенш София («Азия Нур» ансамбли)

3-орун – Бакытбекова Аиша («Шаттык» ансамбли

ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭКИ ОНЛАЙН-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫЭкинчи категориянын жеңүүчүлөрү (8-11 жаш)

1-орун – Адаева Милана («Азия Нур» ансамбли)

2-орун – Токтосунов Байсал («Шертай» ансамбли)

3-орун – Джакыпбеков Актилек («ИЗО» cтудиясы)

3-орун – Маликов Медер («ИЗО» студиясыЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭКИ ОНЛАЙН-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫҮчүнчү категориянын жеңүүчүлөрү (12 жаштан жогору)

1-орун – Кубатова Жибек («Шаттык» ансамбли)

2-орун – Бабаджанова Нигора («Шаттык» ансамбли)

3-орун – Варваштян Карина («Азия Нур» ансамбли)

3-орун – Аксамаева Жамиля («Азия Нур» ансамбли)

Ошондой эле мектеп, мектептен тышкаркы уюмдардын окуучулары арасында  патриоттук темадагы ырларды жеке аткаруу сынагынын да жыйынтыгы чыгарылды.

Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Нарын областарынан 79 жаш аткаруучу катышты.

Жеңүүчүлөр:

 1-орун – Бейшенбекова Асема, Курманбеков Улук, Кадырова Үмүт (Нарын облусу), Абдуллаев Бекзат (Ош облусу), Жангазиева Ханзада, Жумабаев Жанышбек (Жалал-Абад облусу), Каримова Самира, Эсенгулов Байыз, Закиров Адиль жана Закиров Эдиль, Камчыбеков Эрбол, (Чүй облусу), Даниярова Даяна, Айдар жана Кирсана (Бишкек шаары).

2-орун – Мырзабеков Азат, Расулов Тууганбай, Чолпонкулова Айтурган. (Нарын облусу), Арзыкулов Арлан, Рашев Нурдин (Чүй облусу), Тургунбаев Жумадыл (Ош облусу), Момошова Раяна (Баткен облусу)

3-орун – Русланова Нурайым, Үсөнова Айназик, Кемелбекова Фатима (Нарын облусу), Бекбоев Актан, Марат уулу Алманбет (Чүй облусу), Абибиллаева Раяна, Акылбек уулу Махмут, Кочкорова Айзирек (Ош облусу), Чоюбеков Эсеналы (Жалал-Абад облусу).

Сынактын жеңүүчүлөрү диплом жана активдүү катышуучулары грамоталар менен сыйланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер