“ЖЕҢИШТИ ФАЛЬСИФИКАЦИЯЛООГО ЖОЛ БЕРИЛБЕШИ КЕРЕК”

  • 08.05.2020
  • 0

II дүйнөлүк согуштун алдындагы геосаясий кырдаал, согуштагы казак-кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, согуш учурундагы кароосуз калган балдар маселесин чечүү тажрыйбасы, согуштагы жана ошол мезгилдеги турмуштагы аялдардын орду сыяктуу бир катар маселелер 7-майда И. Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети тарабынан өткөрүлгөн “II Дүйнөлүк согуштагы каармандык жана КМШ мамлекеттеринин Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы (1939-1945-жж.)” аттуу эл аралык онлайн конференцияда талкууланды.

“ЖЕҢИШТИ ФАЛЬСИФИКАЦИЯЛООГО ЖОЛ БЕРИЛБЕШИ КЕРЕК”

Иш-чарага катышкан КМШнын беш мамлекетинин көрүнүктүү окумуштуулары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлери  Совет элинин этносторунун фронттогу жана ооруктагы эрдиктери, согуш учурундагы чарбанын, билим берүү мекемелеринин өнүгүшү, коопсуздук органдарындагы аялдардын ишмердүүлүгү жөнүндө дагы бир катар ойлорду айтышты. Алар Улуу Жеңиш мурдагы СССРдин курамындагы, азыркы КМШ мамлекеттеринин элдерин жакындатып, байланыштырып тургандыгын баса белгилешип, Жеңиш майрамы абдан чоң тарбиялык, саясий, социалдык функцияларды өзү менен алып жүргөнүнө да токтолушту. Совет элинин биримдиги, каармандыгы, мекенчилдиги менен жетишилген бул Жеңишти фальсификациялоого жол бербөөгө жана Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин келечек муундарга жеткирүү үчүн  КМШ мамлекеттеринин окумуштууларынын, билим берүү системасынын, жарандык секторунун чогуу аракеттери керек экендиги бир ооздон белгилешти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер