«ЖЕӉИШ КҮНҮН» КЫРГЫЗЧА ДА ЫРДАЙЛЫ

  • 10.05.2020
  • 0
«ЖЕӉИШ КҮНҮН» КЫРГЫЗЧА ДА ЫРДАЙЛЫ
Жеңиш күнү алыстагы от болуп,
Көрүнчү эле араң жанган чок болуп.
Өрттү, чаңды кечип чабуул салганбыз,
Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.
Кайырма:
Бул жеңиш күн майрам, дары жыттанган
Адамдардын саамайларын ак чалган
Көздөрүнөн жаш кылгырып шаттанган
Жеңиш күнү, жеңиш күнү, жеңиш күнү
Күндүр-түндүр мекенибиз эч тынбай,
Мартен мешин тектеп турган көз жумбай.
Күндүр-түндүр иште күйүп-жанганбыз,
Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.
Кайырма:
Апакебай, биз бүт кайра келбедик,
Шибер кечип, чуркаганды дегдедик
Европанын жарымына жөө барганбыз,
Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.
Кайырма:
Бул ырдын түп нускасын Владимир Харитонов, музыкасын Давид Тухманов жазышкан. Кыргыз тилине которгон Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев
Фото интернеттен алынды: https://www.google.com/search?q=%D0%B6%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D1%88%D1%82%D0%B8%D0%BD%2075%20%D0%B6%D1%8B%D0%BB%D0%B4%D1%8B%D0%B3%D1%8B&tbm=isch&tbs=rimg%3ACe0jsehIw71mImCJOEALiOx8nFbCSthdOD_1eBbJpphPs7Mp03M7MKW59ZP5nnUQWaeRrdGgs8Jrw9cqbVj-PgcGDtpjssFo5NAn5C6-rJoa-9tG-SRynSkHEgIEXk8UcQp4trXJc7aN3q3MqEgmJOEALiOx8nBFkitn3c_1NyvyoSCVbCSthdOD_1eETNjCTVPU1obKhIJBbJpphPs7MoRAKSQKkn3NLEqEgl03M7MKW59ZBF_1cyzXpj8h6yoSCf5nnUQWaeRrERT7NbGXzRBNKhIJdGgs8Jrw9coRZIrZ93Pzcr8qEgmbVj-PgcGDthFX9m4N1ABvMCoSCZjssFo5NAn5EYf7llCorEKSKhIJC6-rJoa-9tERte09Um5DmQoqEgm-SRynSkHEgBHaYOWL5IQcISoSCYEXk8UcQp4tEYCrjOHQBP4NKhIJrXJc7aN3q3MRDj9HXHhGDnFh5n8RMCZk8DE&hl=ru&ved=0CBsQuIIBahcKEwjYmfnyzKjpAhUAAAAAHQAAAAAQFA&biw=1349&bih=608#imgrc=rwVNFLbofHUpjM
Бөлүшүү

Комментарийлер