ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ КАРАТА БИШКЕКТЕ СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ ЧОЛПОНБАЙ ТҮЛӨБЕРДИЕВГЕ АРНАЛГАН ЭСТЕЛИК ЖАНА ПАРК АЧЫЛДЫ

  • 07.05.2020
  • 0

«Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбек Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышында. Эстелик Бишкек шаарындагы баатырдын аты берилген паркта коюлган.

Мамлекет башчысы Жеңиш күнү өтө көп жоготуулар менен жетишилген улуу майрам экенин белгиледи. Бүтүндөй Советтер Союзунан Согуш маалында 27 миллионго жакын адам курман болгон.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандагы ар бир шаарга, ар бир айыл-кыштакка жана ар бир үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Чолпонбай Тулөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү аты коюлган паркта ачылды. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлгөн.

Буга чейин аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө демилгени Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков паркты көрүп чыкты, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Мамлекет башчысына жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери жөнүндө айтып берди.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер