АСЕЛЬ ЧЫНБАЕВА НАРЫНДА ОКУУЧУЛАР МЕНЕН АЧЫК ДИАЛОГ ӨТКӨРДҮ
- 25.11.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы мектепте «Балдар маанилүү нерселер жөнүндө бизди угушат» аттуу жолугушууга катышты. Иш-чара балдар өздөрүн ойлонтуп жаткан маселелерди түз айтып, чечүү жолдорун сунуштай ала турган ачык жана коопсуз диалог аянтчасын түзүүгө багытталды. Ага 12 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар, «Жарандык катышуу» коомдук фондунун, ЮНИСЕФтин жана башка өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. ![]()
Жолугушууда балдардын коопсуздугу, билим берүү, ден соолук — анын ичинде психикалык ден соолук — ошондой эле чечимдерди кабыл алууга катышуу укугу талкууланды. Топтук иштин жүрүшүндө окуучулар актуалдуу көйгөйлөрдү белгилеп, ыйгарым укуктуу өкүлгө кайрылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти. Айрыкча чоңдорго жана психологдорго болгон ишеним, кайрылуулардын купуялуулугу жана өз убагында кайтарым байланыш алуу маселелерине көңүл бурулду.
![]()
![]()
Ыйгарым укуктуу өкүл балдардын пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди жана мындан ары терең кароону талап кылган темаларды белгиледи.
Иш сапардын алкагында Асель Чынбаева Нарын шаарындагы «Мейкин» реабилитациялык борборуна жана Миң-Булак айыл аймагындагы Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борборго да барды. Ал жактарда балдардын жашоо шарттары жана көрсөтүлүп жаткан жардамдын уюштурулушу каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында чогултулган сунуштар ыйгарым укуктуу өкүлдүн мындан аркы ишинде эске алынат.
А.К., «КБ»