ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 25.11.2026
 2026-жылдын 25-ноябрынан тартып, КР Агартуу министри Д. Кендирбаеванын №11-4/243, 24.11.2026 буйругуна ылайык Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтуна Асанова Гүланда Жумакадыровна директор болуп дайындалды. 
ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ
Асанова Гүланда Жумакадыровна адистиги боюнча математик-информатик жана башталгыч класстын мугалими. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү.
Маалыматка таянсак, билим берүү тармагында 22 жыл педагогикалык, анын ичинде 13 жылдык жетекчилик тажрыйбага ээ жогорку квалификациялуу адис. Жалпы билим берүүчү мектепти башкаруу, окуу-тарбия процессин уюштуруу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана заманбап окутуу методикаларын (PISA, Сингапур методикасы, STEM, 12 жылдык билим берүүгө өтүү) киргизүү боюнча улуттук деңгээлдеги мастер-тренер.
2004-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек шаарындагы №68, 77 мектептерде математика жана информатика мугалими, №84 мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, №96 мектепте мектеп директору кызматтарын аркалап келген. 2022-жылдан бери Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда окуу бөлүмүнүн башчысы, Стратегиялык пландоо, аналитика жана координация борборунун директору болуп иштеп келди.
Бир кыз эки уулдун энеси.
Ийгилик каалайбыз!
Г.А., «КБ»
Бөлүшүү